Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-декабры №11/2
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 16648,8 (он алты миллион алты жүз кырк сегиз мин сом сегиз жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 16648,8 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Жекенди айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй болжолу жактырылсын:
1) 2019-жылга кирешелер боюнча болжол – 16686,1 (он алты миллион алты жүз сексен алты миң бир жүз) сом суммасында, 2020-жылга - 16389,5 (он алты миллион үч жүз сексен тогуз миң беш жүз) сом суммасында;
2) 2019-жылга чыгымдар боюнча болжол – 16686,1 (он алты миллион алты жүз сексен алты миң бир жүз) сом суммасында, 2020-жылга – 16389,5 (он алты миллион үч жүз сексен тогуз миң беш жүз) сом суммасында;
3. Жекенди айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин пландоо бюджети 269,6 (эки жүз алтымыш тогуз мин алты жүз) сомго бекитилсин, шарттуу малдын саны 3931 бирдик, жайыт пайдалануу үчүн төлөм 76 сомго жактырылсын.
Жекенди айыл өкмөтүнүн пайдаланылган жайыт жери 38400 (отуз сегиз мин төрт жүз) гектарга белгиленсин, ар бир гектарга салыктык базалык ставкасы 2,75 сомдон 105600 (бир жүз беш миң алты жүз) сом айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилсин.
Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөмдүн кирешелер боюнча 375,5 (үч жүз жетимиш беш миң беш жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 375,5 (үч жүз жетимиш беш миң беш жүз) миң сом суммасында жергиликтүү бюджеттин каражаттарына кошо бекитилсин.
4. Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу,көмүр отун, жана
коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр),чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Жекенди айыл өкмөтүнүн аппаратына 22 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат.
Клубдарга 3 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат.
Китепканаларга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат
6. Айыл өкмөттүн түзүмүнө бир ветеринардык врач бир жылга контракттык негизде алынсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
8. Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2017-жылдын 28-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Тѳрага | С. Халилов |
|
|