Редакцияот 28.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 12-декабры №11/4

Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Чулук жана Шибээ айылдарындагы электр энергиясы үчүн тартылган ээсиз аба чубалгыларды жана КТПлардыЧоң-Алай РЭТтин балан-сасына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Чулук жана Шибээ айылдарында электр энергиясы үчүн тартылган ээсиз аба чубалгыларынын жана КТП лардын иш кагаздарын даярдоого жана Чоң-Алай РЭТтин балансасына өткөрүүгө уруксат берилсин.

2. Тийиштүү документтерин бүткөрүү Жекенди айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай маселеси боюнча башкы адиси Ж. Кожобековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Маматбековго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

С. Халилов