ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 01-февралы №5/5
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылында бала бакча ачуу үчүн берилген үйдү баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 3-5-пункуттарына ылайык Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылында бала бакча ачуу үчүн берилген үй Жекенди айыл Өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Тийиштүү юридикалык документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айыл Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер жана турак-жай маселери боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Ж. Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Маматбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Халилов |
|
|