Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №4
Бекмолдо айылдык аймагынын айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айылдык аймагынын 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүмү боюнча 11311,6 миң сом өлчөмүндө, чыгашалар боюнча 11311,6 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бекмолдо айылдык аймагынын 2018-жылдагы бюджетинин киреше булагы № 1 -тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен тузуло тургандыгы аныкталсын.
3. Бекмолдо айыл аймагынын 2018-жылдагы чыгаша болуму боюнча № 2- тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан турары белгиленип бекитилсин.
4. Бекмолдо айыл аймагынын 2018-жылга бюджетинин накталай кассалык акча жугуртуу каражаттарынын колому № 3-тиркеменин негизинде бекитилсин.
5. Бекмолдо айыл аймагынын 2018-жылдагы бюджетинин чыгаша болугу тармактар боюнча жалпы өлчөмү № 4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгу мыйзамынын 21-беренесине ылайык, бюджетке каралбаган чыгымдарды жабуу үчүн жалпы бюджеттик чыгашалардын 111,2 миң сом өлчөмүндө Бекмолдо айыл аймагынын резервдик фондусу тузулуп №5 тиркеменин негизинде бекитилсин.
7. Резервдик фонду башкаруу Бекмолдо айыл аймагынын башчысы тарабынан жүргүзүлөрү белгиленсин.
8. Бекмолдо айыл аймагынын 2018-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын жалпы керектелуучу жумуштарына жумшалсын.
9. Бекмолдо айыл аймагынын районго отчет тапшыруучу кызматкерлерине 1 айда торт жолу барып келуусуно командировкалык чыгым төлөнүп турсун айыл өкмөтүнүн катчысына, каржы бөлүмүнун башчысына 1 айда алты жолу отчетко барып келишине, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасына зарыл болгон учурда командировкалык чыгым каралып турсун.
10. Бекмолдо айыл аймагынын 16 штаттык бирдиги КРнын Өкмөтүнүн 8-июль 2017-жылдагы № 466 токтомунун негизинде ,Бекмолдо айыл аймагына караштуу маданият бөлүмүнө 2 кызматкер, клуб башчы 1 кызматкер КРнын 2011-жылдын 19-январындагы № 16 токтомунун негизинде бекитилсин, ошондой эле жумуш учурунда автокырсыктан кырсыктаган Н. Кыдыралиевге айына 10 962 сом компенсация төлөнүп турулсун.
11. Кара-Ой, Сасык-Булак айылдарындагы эски бала-бакчалар, МТФдагы квартиралар тонолуп кетпеш үчүн кароолчулар Чон-Токой, Кеңеш, Кара-Ой айылындагы медпункттарга кароолчулар, Сасык-Булак айылындагы Бурго баатыр атындагы спорт комплексинин кароолчусуна,техничкасына ,Чон-Токой айылындагы спорт комплексинин кароолчусуна , Кеңеш айылына айыл башчы , торт айыл боюнча ветврач, бош жүргөн балдарды спортко тартуу үчүн 3 айылга тренерлерге, Бекмолдо айыл элинин керегине жараган автобустун шоферуна,жарыктандыруу киргендигине байланыштуу электрик ошондой эле Бекмолдо айылдык аймагына юрист-консултант, кеңештин төрагасына эмгек акы боюнча штаттар эмгек келишимдин негизинде кабыл алынып № 8 тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан турары белгиленип бекитилсин.
12. Бекмолдо айыл аймагынан токтомдун туура жана так аткарылышына козомолдукту жургузуу, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Каржы Миңистрлиги тарабынан берилген 2019-жылга 11638,6 миң сомго, 2020-жылга 12209,6 миң сомго социалдык-экономикалык өнүгүү бюджеттик долбоору бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтуу бюджеттин кирешелер бөлүмүн чындоо максатында томондогудой салыктар жана жыйындар киргизилсин жана алардын ставкалары томондогудой өлчөмдө бекитилсин.
Транспорт ээлеринен алынуучу салык менчик автотранспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары чет өлкөлүк граждандар жана гражданствосу жок жактар салык толоочу болуп эсептелинет. Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР салык Кодексинин 198 статьясынын негизинде жургузулсун. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 25-числосу деп белгиленсин.
15. Жалпы мамлекеттик салыктар: Сатуудан салык, КРнын салык кодексинин негизинде бекитилсин. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык. КРнын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
16. Салыктык эмес кирешелер Муниципалдык менчиктен КБФ жерлеринин ижара акысы тузулгон келишимдин негизинде бекитилсин, Жайыт пайджалануучулардын киреше жана
чыгаша болумдору № 9 тиркеме ылайык белгиленсин.
17. Айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир чейректен башка чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүно жүктөлсүн.
Такталышын райондук финансы бөлүмүно билдирип туруусун талап кылат.
18. Айыл аймагынын бюджетинде ашыкча түшкөн акча каражаттар, Жер Үй кенин сатуудан түшкөн акча каражаттарынан (айылдык кеңештин токтому чыккандан кийин) акча каражатын которуп беруу, жана статьядан статьяга, бир болуммдон башка болумго которуу жолу бюджеттик комиссиясынын макулдугунун негизинде жумшоого уруксат берилсин.
19. Чечимдин аткарылышына козомолдук жургузуу жагы Бекмолдо айылдык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|