БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 11-апрели №28
Бекмолдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Молдобековго ишенбестик билдируу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселе боюнча айыл аймагынын башчысы К.С Молдобековго ишенбестик билдирүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап жана талкуулап добушка коюп ,айылдык кеңешинин жалпы санынын 21(жыйырма бир ) депутаттын 18 (он сегиз) нин макулдугу менен айылдык Кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын жергилитүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын №31 беренесинин 4 бөлүмүнүн 4 бөлүмчөсүнө ылайык Бекмолдо айылдык аймагынын башчысы Молдобеков Кубанычбек Сакиновичке ишенбестик билдирилсин.
2. Токтом тийиштүү мекемелерге берилсин.
Тѳрага | Н. Турдалиев |
|
|