Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-июну №39
Жайыт комитетинин төрагасы Аширов Сүйүндүктүн жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Аширов Сүйүндүктүн жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Дуйнолук Банк тарабынан “жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу үчүн” каржыланып жаткан гранттын эсебинен Бекмолдо айыл аймагына “Грейдер-165 техникасын” алуу үчүн Жер-Уй алтын кенинен түшкөн акча каражатынан 3642000 (үч миллион алты жүз кырк эки мин) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бекмолдо айыл аймагындагы Жон, Жошо, Карабаш кыштоолорундагы каптаждарды “капиталдык ремонттон өткөрүү” үчүн 58 000 (элуу сегиз мин) сом Жер-Уй алтын кенинен түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|