Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-июну №59
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековдун жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагында 2018-жылдын ичинде пландалган ар кандай чарбалык жумуштарын өз убагында аткаруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом акча былтыркы 2017-жылдан ашыкча түшкөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомду тез арада аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|