Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №67
Сессияда Хан Бүргө орто мектебинин директору А. Нурдубаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрылуучунун сессияга киргизген сунушу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылындагы Хан Бүргө атындагы орто мектебине ашкана, кампа жана септик курулуштары үчүн уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|