Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №71
Сессияда кайрылган маселени карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрылуучунун сессияга киргизген сунушу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Чоң-Токой айылына караштуу «Мүрзөлүү Кокту» деп аталган коктунун этегиндеги 2.2 га кайракы жерди жашылдандырып, өздөштүрүүгө убактылуу бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|