Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №80
Сессияда Бекмолдо айыл аймагынын экономика-финансы бөлүмүнүн башчысы М. Стамалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрылуучунун сессияга киргизген сунушу канааттандырылсын.
2. ЧП “Төлөев” ишканасына Кара-Ой айылындагы ФАПты капиталдык ремонттон өткөргөндүгү үчүн, калган 128 342 (жүз жыйырма сегиз миң үч жүз кырк эки) сом каражатын которулсун берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|