Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы №12/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдери мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|