Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы №12/4
Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевдин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 8-февралындагы кезектеги XII сессиясынын №12/4 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаарынын 2017-жылдын ичинде социалдык-экономикалык жактан
өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча
МААЛЫМАТТАР
2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынын “Ыйман, адеп жана Маданият” жылы деп жарыяланган. Бул иш чаранын негизинде Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
2017-жылдын ичинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды. Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №3/2- токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2017-жылга карата өнүгүү программасына киргизилген иш-чаралар боюнча төмөнкү жумуштар аткарылды:
Исфана шаар мэриясынын иш-кагаздары жана
уюштуруу иштери боюнча:
Исфана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине тиешелүү болгон иш кагаздары жыл ичинде номенклатуранын негизинде жүргүзүлдү, шаар мэриясынын календардык иш планынын долбоору иштелип чыгылды жана бекиттирилди, аткарылышы көзөмөлгө алынды
Нормативдик укуктук документацияларынын сакталышы системалаштырылды жана тиешелүү кагаздар менен өз убагында камсыздоо иштери такай алынып барылды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттери менен биргеликте көчөлөрүндүн аттары, үйлөрдүн номерлери такталып, мамлекеттик каттоого тапшырылды. Участкалык шайлоо комиссиялардын материалдык-техникалык жактан камсыз кылынып, шайлоо 2017-жылдын 15-октябрь күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү, кемчиликтер боюнча кайрылуулар болгон жок.
Жарандарды каттоо, каттоодон чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүлдү, жарандарды маалымдамалар менен камсыздоо “Бирдиктүү терезе” аркылуу жүргүзүү системалаштырылды.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөт боюнча Исфана шаар мэриясынын 2011-2015-жылдар боюнча чарба китептери жана Исфана шаар мэриясы тарабынан 2011-жылы кабыл алынган токтомдор жана чыгарылган буйруктар архивге акт аркылуу тапшырылды, сын-пикир болгон жок.
Исфана шаар мэриясынын дээрлик бардык иш чаралары аппарат жетекчисинин көзөмөлүнөн өткөрүлдү. Тиешелүү комиссиялардын иштери уюштурулду, а.и. 4 жолу конкурстук комиссиянын отуруму өткөрүлүп, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы, ушул эле ишкананын башкы эсепчиси, шаар мэриясынын юристи, уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адистери, муниципалдык менчик ишканасынын башкы эсепчиси бош кызмат орундарына кызматкерлер тиешелүү жетекчиликке сунушталып, алар бүгүнкү күндү иштеп жатышат.
Структурага ылайык кызматкерлерди баалоо иштери жүргүзүлдү.
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2017-жылдын ичинде 171 токтом, кабыл алынды, ал эми ушул эле мезгил ичинде 303 буйрук чыгарылды.
Шаар мэриясы тарабынан жарандардын үй бүлөсүнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу 16 593 жаранга, ал эми көзү өткөн 110 жаранга форма 50 маалымдамасы берилди. 501 чет өлкөлүк жана башка облустун жарандары убактылуу каттоого алынды. 3 377 жарандын ички паспорту катталды, 260 жаран каттоодон чыгарылган. Ушундай иш кагаздары менен жалпысынан 20 841 жаран камсылдалды.
Исфана шаар мэриясында 24 негизги штаттык бирдиктер, 1 статист-экономист, 2 аскердик эсеп кызматкери, 14 айыл башчы, 7 маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер эмгектенишет.
2017-жыл ичинде аралыгында аткарылган жумуштар боюнча 2016-жылга карата салыштырмалуу маалымат:(Таблица 1)
Аткарылуучу иштердин аталышы | 2016-ж
| 2017-ж
| айырмасы, толуктоолор |
Кабыл алынган токтомдор | 127 | 170 | +43 |
Чыгарылган буйруктар | 369 | 300 | -69 |
Жарандарга берилген маалымдамалар | 21080 | 16593 | -4487 |
Көзү өткөн жарандарга берилген справка ф-50 | 103 | 110 | +7 |
Убактылуу каттоого алынган жарандар | 857 | 501 | -356 |
Катталган жарандардын ички паспорттору | 1742 | 3377 | +1635 |
Каттоодон чыгарылган жарандар | 232 | 260 | +28 |
Өткөрүлгөн конкурстар | 5 жолу | 4 жолу | -1, 6 кызматкер жумушка алынды |
Жогорку органдардан келген иш кагаздары | 853 | 1257 | +404 |
Катталган жарандардын арыз-даттануулары | 1440 | 1889 | +449 |
Чыгыш каттар | 1390 | 1129 | -161 |
Оозеки арыздар менен кабылдамада болгондор | 223 | 246 | +23 |
Исфана шаар мэриясынын жана мэриянын алдындагы түзүмдүк структуралар боюнча маалымат | |||
Негизги штаттык бирдиктер | 20 (4) | 20 (4) | Вакант жок |
Статист-экономист | - | 1 | - |
ВУС инспекторлору | 2 | 2 | - |
АӨӨБКинин төрагалары | 14 | 14 | - |
Маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер | 7 | 7 | - |
Муниципалдык менчик департаменти | 6 | 8 | - |
Коомдук уюмдарда | 4 | 4 | - |
Исфана шаар мэриясынын 2017-жылга карата бекитилген социалдык -экономикалык өнүгүү программасы:
Исфана шаарынын Өнүгүү программасында 25-бөлүмдөн турган иш-чара, бекитилип, программага кирген иш чараларды аткаруу үчүн болжол менен 80 982 400 сом акча каражаты каралган, жыл жыйынтыгы менен программага кирген 23 иш чара аткарылып, аткарылган жумуштардын суммасы 102 391 900 сомду түздү. Бул керектелүүчү сумманын 126,4 % түзөт.
Ошону менен бирге жыл башында бекитилген өнүгүү программасына жана айылдардын иш-чараларына кирбей калган долбоорлордун жана тартылган инвестициялардын эсебинен бир топ жумуштарды аткаруу пландалууда. Бул иш чаралардын басымдуу бөлүгү калкты күнүмдүк турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу, социалдык көйгөйлөрдүн чечүү, инфраструктуранын жакшыртуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндөгү” № 194-токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясына ылайык Исфана шаарын жана шаарга караштуу айылдарды ар тараптуу өнүктүрүү 33 иш чарадан турган программасы иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароо үчүн сунушталды.
Исфана шаарынын 2017-жылга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү программасына киргизилген 25 (жыйырма беш) иш чара боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
1.Экинчи кичи районундагы Манас көчөсүндөгү калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жаңы линиянын курулуш аяктап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 181 775 сом сарпталып, пайдаланууга берилди.
2.Беш-Бала айылында жөө өтүүчү көпүрө курулду, ага 1 233 763 сом жумшалып пайдаланууга берилди (жергиликтүү бюджет).
3.Исфана шаарынын С.Садыков көчөсүнө 430 метр, Восточная көчөсүнө 700 м., Тоголок Молдо көчөсүнө (500 м.), Туракулбай Ата көчөсүнө (1370 м.) асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул курулуш иштерин аткарууга республикалык бюджеттен жалпысынан 14 588 400 сом акча каражаты каралып, 3 км. ички көчөлөр асфальттанды. Ошондой эле Тайлан айылынын Ак-Тилек участкасынын автоунаа жолунун 700 метр шаардык бюджеттин эсебинен 209 741 сом жумшалып, шагыл төшөлдү.
4.Түрткү берүүчү грант аркылуу республикалык эсебинен “Т.Жапаров атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо жана мектеп аймагын абаттоо” долбоору 4 484 751 сом каражат жумшалып, пайдаланууга берилди.
5.Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган Голбо айылындагы К.Казыев атындагы орто мектебинин спорттук залын капиталдык оңдоолор 2 085 000 сомго конкурста жеңүүчү деп табылган “Агат КЖ” ЖЧКу тарабынан толук бүтүп, пайдаланууга берилди.
6.Республикалак бюджеттин эсебинен Мурза-Патча айылында 35 орундуу балдар бакчасынын имаратынын курулушу, жалпы суммасы 14 910 200 сом, подрядчы “Нур Трафик” ЖЧК, субподрядчик “Илек Строй Групп”, курулуш иштери толук бүтүп, инвентарлар жана жабдуулар келгенден кийин пайдаланууга тапшырылат.
7. Түрткү берүүчү грант аркылуу республикалык бюджеттин эсебинен “Тайлан айылына ФАП куруу” долбоору 2 750 551 сом жумшалды жана пайдаланууга берилди.
8.Өнүгүү программасына кирген Самат айылында суммасы 18 000 000 сом болгон Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын курулушу Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Королдугундагы, Египет Араб Республикасындагы, Түштүк Африка Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жумабаев Абдилатиф Кудайкуловичтин колдоосу, шаар мэриясынын демилгеси менен Араб мамлекетинин “Жамияти Ас-Салам Лиль Аль Амаал Аль Инсаният Вал Хайрия” Кайрымдуулук фондунун эсебинен бүткөрүлүп, ишке берилди.
9.Түрткү берүүчү грант аркылуу республикалык бюджеттинө эсебинен “Ысык-Көл” орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо жана мектеп аймагын абаттоо” долбоору 2 756 205 сомго “Интер-Планета” ЖЧКу жеңүүчү деп аныкталып бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап пайдаланууга берилди.
10.Өнүгүү программасына “Ас-Сафа” борбору коомдук бирикмесинин каржылоосу менен суммасы 50 000 000 сом болгон 350 орундуу балдар мектеп-интернатынын имараты инвестициянын эсебинен бүткөрүлдү жана пйдаланууга берилди.
11.Исфана шаарына жана шаарга караштуу айылдарга түнкү жарыктарды орнотуу боюнча 300 000 сом керектелип шаардын аймагындагы элге түнкү мезгилде жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлдү (жергиликтүү бюджет).
12.Ак-Булак, Тайлан, Бөзөгүл жолдоруна 2км. 600 м. шагыл төшөлүп, суммасы 836 542 сом, элге ыңгайлуу шарт түзүлүп берилди (жергиликтүү бюджет).
13.Исфана шаарынын аймагында жашаган социалдык коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 1 500 000 сом акча каражаты жумшалды (жергиликтүү бюджет).
14.Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоо үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 8 000 000 сом акча каражаты жумшалып окуу жылынын башына пайдаланууга берилди.
15.Беш-Бала башталгыч, А.Навои атындагы орто мектептерине жаңы даараткана курууга долбоордук сметалык документтери жасалып, бүгүнкү күндө Беш-Бала башталгыч мектебине жалпы суммасы 195 000 сомдук жана А.Навои атындагы орто мектебине 282 000 сомдук ажатканалар курулду. Жалпы баасы (жергиликтүү бюджет) 477 000 сом. Наристе балдар бакчасындагы ажаатканасын куруу боюнча тендер өткөрүлүп, курулуш иштери 2018-жыл ичинде бүткөрүлөт.
16.Исфана шаарынын Восточная жана Додосьян көчөлөрүнө трансформатор орнотулду.
17.Интернет байланыш кызматы боюнча шаардын аймагындагы мектептерге интернет тармагын киргизүү иштери жүргүзүлүп, 10 мектеп жана 2 бала бакчага интернет байланышы орнотулду. Алар: А.Навои, Исфана, Ысык-Көл, Токтогул, Ю.Гагарин, Амир Темур, Тайлан, Т.Жапаров, Гимназия-1, Гимназия-4; Балдар бакчалары: Кулунчак, Наристе, жалпы 350 000 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен жумшалды.
18.Өрт шаймандары менен камсыздоо боюнча 15 мектеп жана 10 бала бакчаларга 136 даана ОП-5 маркасындагы өрт өчүргүчтөр (огнетушителдер) жалпы 106 080 сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилди.
19.Т.Жапаров атындагы орто мектебинин ашканасын ремонттоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 183 900 сом жумшалып, пайдаланууга берилди.
20. Самат атындагы орто мектебинин азык-түлүк кампа куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 133 500 сом акча каражаты сарпталып, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.
21.Д.Жороев атындагы орто мектебинин чатыры кооптуу абалда болгондуктан сметалык баасы 151 000 сомдук жумуш аткарылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолуп берилди.
22.Исфана шаарынын Кошмуратов көчөсүндө жалпы болжолдуу бааса он беш млн. болгон меймакана жеке ишкер тарабынан курулуп, падаланууга берилди.
23.Мырза Патча АӨӨБКнын жана милициянын аймактык тескөөчүсүнө кызматтык кеңсе куруу үчүн жумуш башталып, 409 776 сом сарпталды жана бүткөрүү алдында турат (жергиликтүү бюджет).
Салык тармагы боюнча:
2017-жылга карата жылдык иш план түзүлүп, иш пландын негизинде алып барууда, 2017-жылдын ичинде 2016-жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып жана талданып, 2017-жылдын жылдыгына карата жергиликтүү салык боюнча 7 003 400 сом план жеткирилген, бул көрсөткүч 7 944 000 сомго аткарылды пайыз менен алганда 113,4 % түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2016-жылга салыштырмалуу 256 000 сомго ашыкча салык жыйналды.
2017-жылга карата жергиликтүү салыктын аткарылышы боюнча 2016-жылга карата салыштырмалуу анализ (Таблица 2)
к/ № | Салыктын түрлөрү | 2016-ж факт | 2017-ж план
| 2017-ж. факт
| отклон. +,- |
|
сумма | % | |||||
1 | жер салыгы (физлиц) | 1831300 | 1640000 | 1717000 | 77000 | 104,7 |
2 | жер салыгы (юридлиц) | 858100 | 764400 | 827100 | 62700 | 108.2 |
3 | транспорт салыгы | 2734100 | 2300000 | 2968900 | 668900 | 129.1 |
4 | айыл чарба эмес салык | 1658500 | 1760000 | 1787700 | 27700 | 101.6 |
5 | мүлк салыгы 2 гр. | 605900 | 539000 | 643400 | 104400 | 119.4 |
6 |
|
|
|
| 0 | 0.0 |
|
|
|
|
| 0 | 0.0 |
| жалпы | 7 687 900 | 7003400 | 7944100 | 940700 | 113.4 |
2017-жылдын ичинде салык төлөбөгөн атуулдарга эскертүү берилип, салыктар жыйналууда. Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтурууга аракеттер жасалды. Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликте рейдтер уюштурулду жана алар менен биргеликте иш алып барышып, жакшы көрсөткүчтөр болду. Милдеттүү, ыктыярдуу патенттерди жана салыктын башка түрлөрүн жыйноо боюнча график түзүлүп, салык кызматкерлери участкаларга чыгып патенттер жыйноо боюнча бир топ иштер аткарылды.
Статистика боюнча:
Исфана шаар мэриясы тарабынан төмөнкү статистикалык маалыматтар такталды жана Лейлек райондук статистика комитетине отчеттор тапшырылды. (таблица 3 )
Мал чарбасы боюнча | ||||
№ | Аталышы | 2016-ж
| 2017-ж
| Баа +/- |
1 | Өндүрүлгөн эт | 18840 ц | 19050 ц | +210 ц |
2 | Саалган сүт | 48370 ц | 48400 ц | +30 ц |
3 | Жумуртка | 635000 даана | 639000 даана | +4000 д |
4 | Кыркылган жүн | 530 ц | 530 ц | - |
5 | ИИМ малдардан алынган төл | 2007 баш | 2010 баш | +3 баш |
6 | Кой-эчкилерден алынган төл | 15900 баш | 16393 баш | +483 баш |
7 | Бээлерден | 65 баш | 72 баш | +7 баш |
Тартылган ички жана тышкы инвестициялар:
2017-жылдын ичинде Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагына тартылган ички жана сырткы инвестициянын жалпы көлөмү 76 000 000 сомду түздү, алар:
1.Самат айылында Араб мамлекетинин каржылоосу жана Араб мамлекетиндеги ыйгарым укуктуу элчиси А.К.Жумабаевдин колдоосу жана Исфана шаар мэриясынын демилгеси менен суммасы 18 000 000 сом болгон Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты бүтүп, ишке берилди.
2.Исфана шаар мэриясынын колдоосу менен Исфана шаарында “Ас-Сафа” борбору коомдук бирикмесинин каржылоосу менен суммасы 50 000 000 сом болгон 350 орундуу балдар мектеп-интернатынын имараты курулуш иштери аяктап, окуу жылынын башталышына пайдаланууга берилди.
3.Чимген айылында 300 кожолукту таза суу менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугилими, ардагер-мугалим Б.Осмоновдун каржылоосу жана шаар мэриясынын колдоосунда суу түтүкчөлөрү алмаштырылып берилди. Ага 600 000 сом сарпталды.
4.Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатында “Ала-Тамыр” скважинасы элдин, АРИСтин колдоосунда жана шаар мэриясынын демилгеси менен ишке кирип, пайдаланууга берилди. Бул долбоордун жалпы суммасы 477 000 сомду түздү.
5.Кыркымкана жана малдарды бышуучу жайыны коомчулуктун, АРИСтин колдоосунда жана шаар мэриясынын демилгеси менен 776 356 сомго бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
6.Грейдер XGMG GR165 үлгүсүндөгү атайын техника, АРИСтин колдоосунда жана шаар мэриясынын демилгеси менен 6 180 000 сомго алынды.
Айыл чарба тармагы боюнча:
2017-жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин атуулдарга ижарага берген жерлердин ижара акысы 680 000 сомду түзөт, 2017- жылдык планы 680 000 сом болсо, жалпысынан ижара акы 786 400 сом өндүрүлүп алынды. Бул көрсөткүч 115,6 % түзөт. (таблица 4)
к/н № | Салык түрү | 2016-ж планы | 2016-ж негизги көрсөткүчү | 2017-ж планы | 2017-ж негизги көрсөткүчү | Айырма+/- |
|
сумма | |||||||
1 | ижара МКБФ | 680 000 | 876 400 | 680 000 | 786 400 | 106 400 | 115, 6 |
| жыйынтыгы | 680 000 | 876 400 | 680 000 | 786 400 | 106 400 | 115,6 |
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га толук кандуу ижарага берилген 1 га жер акысы 2693 сомду түзөт. Кайрак айдоо жер аянты- 917 га, мындан 757 га жер ижарага берилген, 1 га жер акысы 453 сомду түзөт. Чөп чабынды жер аянты – 232 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 297 га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча, алыстыгы, таштактуулугу боюнча берилген жок.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө 4056 га дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 2145 га буудай, анын ичинен: - сулуу 725 га мындан түшүм 23,3 ц\га,1689 тонна алынган,- кайрак1420 га жерге эгилип,түшүм 16,4 ц\га,2329 тонна түшүм берген, 1911 га арпа арпа эгилип, анын ичинен: суулуу 204 га мындан түшүм 20,2 ц/га,412 тонна алынган, - кайрак 1707 га жерге эгилип түшүм 15,2 ц\га ,2593 тонна түшүм алынган.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 64 даана айыл чарба техникалары бар.
Анын ичинен: комбайндар 10 даана, 4 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги,трактор,чөп таңгыч,чөп жыйгыч,барана бардыгы болуп 45 түзөт, дан сепкич (сеялка)-9 даана. Исфана шаар мэриясынын тарбынан 2017 – жылдын түшумү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 2000 сом, дан сепкич менен себүү – 700 сом белгиленген. Комбайн менен оруп жыйноо айдоо жерге-2000-2200сом , чөп оруу суулуу жерге-800-1200 сом, кайрак жерге-800-1000сом, чөп жыйнагыч-700-800, чөп таңгактоо-10-12 сом.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлгө алынып турулган.
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер такталып чыгылып. 2017- жылдын 10-апрелинде, мөөнөтү бүткөн жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлдү. 9,2 га сугат айдоо, 121,0 га кайрак айдоо жерлер аукционго коюлуп атуулдарга таркатылган.
2018-жылдын түшүмү үчүн эгилген күздүк кылкандуу дан эгиндери боюнча маалымат: Күздүк кылкандуудан эгиндерин эгүүнүн тапшырмасы 600 га, анын ичинен: сугат жерге 102 га буудай, кайрак жерге 492 га буудай, 10 га жерге арпа, Германиянын эл аралык техникалык кызматташтык уюму (GIZ) тарабынан “Мол-Түшүм” уюму аркылуу үрөн, агротехникалык эрежесинде айдоо жагы аткарылып, 51 га. дан эгиндери айдалды.
Исфана шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 4056 га жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген анын ичинен:
· 98 га жерге дандык жүгөрү эгилип, 541т дан алынып орточо 55,2 ц түзгөн.
· 30 га жерге дандык буурчак эгилип, 26,4т дан алынып орточо 8,8 ц түзгөн.
· 145 га жерге картошка эгилип,1975 т алынып орточо 136.2 ц түзгөн.
· 142 га жерге жашылча эгилип,2623 т жашылча алынып 184,7 ц түзгөн.
· 10 га жерге май өсүмдүктөрү эгилип, 7 т май өсүмдүгү алынып 7,0 ц түзгөн.
· 217 га жерге мөмө жемиш эгилип, 912 т мөмө жемиш алынып 100,0 ц түзгөн.
· Кесек тоют 12 270 т жыйналып алынган,
анын ичинен: – чөп- 6250 тонна , саман – 6020 тонна.
Жол куруу, транспорт жана соода тармагы:
Жылдын башынан баштап, ар ай сайын Исфана шаарынын борбордук базардын айланасындагы соода түйүндөрү тартипке алынып, базардагы сооданын жүрүшү боюнча көзөмөлгө алуу иштери жүргүзүлүп түрдү. Исфана шаарындагы соода түйүндөрүн жана коомдук тамактануучу жерлердин абалын жакшыртуу максатында комиссия мүчөлөрү түзүлүп, бүгүнкү күндө чогуу иш алып барылууда.
Исфана шаарынан оор жүк ташуучу авто унаалар өтүүчү айланма жол (обьезд) июнь айынын баштарында узундугу 6,2 метр жолго 76 рейс шагыл төшөлүп, бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу авто унаалардын шаардын ичине кирбей айланып өтүүсүнө шарт түзүлүп берилди. Кытайлык Синь Цзян “Бейсин” жол жана көпүрө куруу корпорациясы менен түзүлгөн Исфана-Кайрагач автожолунун проектинин негизинде 5 км жолго асфальт төшөлүп бүткөрүлдү, ал эми бузулган асфальттардан чыккан асфальт калдыктары айылдардын ички көчөлөрүнө төшөлүп берилди.
Исфана шаарынын Жаңы-Коңуш, Тоголок-Молдо, Равахана, Восточная, К.Баратов көчөлөрүнө демөөрчүлөрдүн эсебинен 138 рейс шагал ташылып, тегизделди.
Жол коопсуздугун сактоо максатында Исфана шаар мэриясына караштуу Додосьян көчөсүндөгү У.Маткаримов атындагы №4 гимназиясынын жана Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин алдындагы жолго республикалык бюджеттин эсебинен 850 000 сомдук светофор орнотулуп ишке түшүрүлдү.
2016-жылга карата салыштырмалуу, жалпыланган анализ: (Таблица 5)
к/ № |
Аткарылган иштердин аталышы | өлчө -мү | 2016-ж.
| 2017-ж.
| Айырма (+,-)
|
1 | Шаардын жана айылдардын ички жолдоруна төшөлгөн шагыл | рейс | 560 | 910 | +350 |
2 | Шаардын жана айылдардын жолдорун асфальттоо (капиталдык оңдоо) так маалымат | м | 3000 | 8000 | +5000 |
3 | Жол коопсуздугун сактоо үчүн орнотулган жол белгилери | даа-на | 28 | 84 | +53 |
Исфана шаарынын Чимген –Бөзөгүл-Госспецхоз ички көчөлөрү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын каттамы жүргүзүлүп, көзөмөлгө алынды.
2017-жылда Исфана шаарынын аймагында жеке ишкерлер жана донорлор тарабынан 15 ишкана ачылып, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Шаарыбыздын 84 адам жумуш менен камсыз болду.
2017-жыл ичинде жеке ишкерлер жана донорлор тарабынан жаңыдан
ачылган ишканалар тууралуу (таблица 6)
к/№ |
Ишкананын аталышы |
ишкананын жетекчисинин Ф.А.А. |
дареги | жумуш менен камсыз болгон адам
|
1 | “Равахана” чайканасы | Ташпулатов Жамолиддин | Равахана | 5 |
2 | “Лейлек” чайканасы | Шарипов Илхом | Манас-Ата | 5 |
3 | “Достук” соода борбору 2-этажы | Бердимуратов Муртаза | Додосьян | 36 |
4 | Күнөскана | Бойматов Давлат | Топ сада | 1 |
5 | “Тамчы-Пулон” балдар бакчасы | Муллаева Мухаббат | Пулон | 11 |
6 | Авто-Мойка | Алимов Абдурасул | Кошмуратов | 2 |
7 | Ала-Тоо мейманканасы | Хусанов Айбек | Кошмуратов | 6 |
8 | Гамбургер | Рузибоев Шамшиддин | Додосьян | 2 |
9 | Бассейн | Тажибаев Бабараим | Касым-Ата | 4 |
10 | Металл цех | Хожиев Юсупжон | Додосьян | 1 |
11 | Гамбергур | Дадабаева Эркинай | МКР 1 | 2 |
12 | Пиларамм | Кудайбердиев Канатилла | Голбо | 3 |
13 | Гамбургер | Дадабаев Таалай | Самат | 2 |
14 | “Алтын Бешик” дүкөнү | Хайдарова Махпирет | Жаны –Конуш | 2 |
15 | “Уланбек” дүкөнү | Шадиев Кудайберди | Додосьян | 2 |
Социалдык тармак боюнча:
Билим берүү тармагында:
2017-жылда Республикалык бюджеттин эсебинен Исфана шаарындагы билим берүү мекемелериндеги курулуштарга 65 млн. 882 миң 188 сом каржыланган, а.и. 57 200 000 – капитал.курулуш, 6 597 188 – стим.грант, 2 085 000 – теңдештирүүчү грант.
Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасына, спартакиадаларына жана башка кароо-сынактарга катышкан окуучуларга Баткен областынын аймагында жана Бишкек шаарына барып келүүсү үчүн шаар мэриясынын эсебинен жол акысы төлөнүп берилди. 2017-жылдын ичинде 66106 сом акча каражаты окуучулардын жол чыгымдары үчүн бөлүнүп берилген. А.и.
- №1 Гимназия мектебинин окуучуларына – 11961 сом.
- №4 Гимназия мектебинин окуучуларына – 3467 сом.
- Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин окуучуларына – 37899 сом.
- Тайлан орто мектебинин окуучусуна – 3155 сом.
- Ак-Булак орто мектебинин окуучуларына – 6000 сом.
- А.Навои атындагы орто мектебинин окуучуларына – 3000 сом.
- Исфана орто мектебинин окуучусуна – 312 сом.
- К.Казыев атындагы орто мектебинин окуучусуа – 312 сом.
Көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында №1 Гимназия, №4 Гимназия, Ысык-Кол жана Т.Жапаров атындагы орто мектептеринин аймагындагы куурап калган дарактар комиссиялык кароодон өткөрүлүп кыюуга уруксат берилди жана жалпы мектеп бала бакчаларда жаңы көчөттөр мүмкүнчүлүккө жараша отургузулду.
Мектеп окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча февраль айында мектептердин социалдык педагогдору жана организатор мугалимдери менен жыйын өткөрүлүп, мектептерде зордук-зомбулуктун, мектеп рэкетчилигинин, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер каралды, балдардын ишеним телефону тууралуу маалымат берүү жагы мектеп администрацияларына тапшырылды.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №2/35 сандуу буйругун аткарууга жана жетекчиликке алып, өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү курмандыкка чалуусуна өбөлгө түзгөн жана түзүлгөн кырдаал жалпы коомчулукту тынчсыздандырган жалпы интернет мейкиндигиндеги “”Морекит”, “Тихий дом”, “f58”, “d28”, “Хочу в игру”, “Разбуди меня в 4-20”, “В контакте”, “50 дней до моего...”, “Ну пока”, “Рина”, “Море китов” жана башка ушул сыяктуу социалдык желелердеги оюндар тууралуу, ошондой эле Исфана шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн арасында өз өмүрүн кыюсунун алдын алууга багытталган жана ыйман, адеп түшүнүктөрүн берүү үчүн Исфана шаарындагы 15 мектепте түзүлгөн график боюнча жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жыйындарга шаардын хатибиятынын өкүлдөрү жана РИИБнун жашы жете электер менен иштөө инспекторлору катышты.
Соц.обьекттерге инвестиция тартуу жана өкмөтүүк эмес уюмдар (НПО) менен иштөө боюнча:
“МерсиКо” эл аралык уюумунун Билим берүү тармагына азык-түлүк жана баланы азыктандыруу” программасынын алкагында долбоорго кирген Т.Жапаров атындагы орто мектебинин ашканасы 183882 сомго толук ремонттолуп керектүү жабдуулар алынып берилди. Ал эми Самат атындагы орто мектебине 133415 сомго азык-түлүк сакталуучу кампа курулуп берилди. Ушул долбоор боюнча “Жеткинчек” балдар бакчасына азык-түлүк сакталуучу кампа куруу үчүн керектелүүчү курулуш материалдары алынып берилип, кампа куруу үчүн жумушчу күчү бала бакчанын өзүнүн эсебинен болуп курулуш бүткөрүлдү. Ал эми “МерсиКо” тарабынан берилген азык-түлүктөр төмөнкүлөр:
1. Т.Жапаров – 250 кг күрүч, 1050 кг ун, 124 литр ак май, 100 кг нокот;
2. Самат – 100 кг күрүч, 500 кг ун, 36 литр ак май, 50 кг нокот;
3. Жеткинчек - 100 кг күрүч, 350 кг ун, 44 литр ак май, 50 кг нокот;
Мындан сырткары жакынкы күндөрдө “МерсиКо” тарабынан Т.Жапаров атындагы орто мектебине 7 даана 258594 сомдук, Самат атындагы орто мектебине 5 даана 178240 сомдук заманбап ашкана жабдуулары (плита 4конф. шкаф жарочный 2-х секц. Тестомесилка, ванна моечная 2-х сек. Стол произ, стеллаж кух-2шт) гранттык негизде берилди.
Шаардагы мектептер боюнча жергиликтүү бюджеттен каржыланып аткарылган жумуштар:
1. А.Навои атындагы орто мектебине - 531726 сом, а.и.
· даараткана куруу – 281784 сом.
· мектептин котелун оңдоо жана тетиктерин алмаштыруу үчүн – 136550 сом.
· теплицаны оңдоо, ички жылытуу системасына тетиктер, чарбалык буюмдар жана кезектеги оңдоо иштерине жалпы 82392 сом каржыланып берилди.
· 40 жылдык майрамына карата оргтехника – 31000 сом.
2. Исфана орто мектебине – 80 жылдык маарекеде 2 компьютер жана 1 принтер.
3. Ысык-Көл орто мектебине – 1037,729 сом, стимгрантка салым.
4. Т.Жапаров атындагы орто мектебине – 1908,185 сом, стимгрантка салым.
5. Самат атындагы орто мектебине – 15790 сом, ремонт иштерине.
6. №1 Гимназия интернатына – 47760 сом, полду оңдоо жана котелдун тетиктерин алууга.
7. №4 Гимназия интернатына – 39848 сом, жетишпеген кошумча класс каналарды оңдоо үчүн.
8. Д.Жороев атындагы орто мектебинин чатыры кооптуу абалда болгондуктан сметалык баасы 151000 сомдук жумуш аткарылып, оңдолуп берилди.
9. Беш-бала башталгыч мектебинин тротуарларын оңдоо үчүн 212000 сом акча каражаты бөлүнүп подрядчы ишканага которулуп берилген. Аба-ырайына байланыштуу жумуш 2018-жылдын 1-кварталында аткарылат.
Балдар бакчалары боюнча:
1.Арча-Бешик балдар бакчасындагы кошумча каналардын курулушуна – 507753 сом.
2.Ынтымак балдар бакчасынын ашканасын ремонттоо жана эмеректери үчүн – 31373 сом жана муздаткычын оңдотуу үчүн 7000 сом.
3.Кулунчак реабилитациялык борборуна ремонт иштерине – 9235 сом.
4.Жасмин балдар бакчасынын ашканасына таза суу киргизүү, электр тетиктери жана башка ремонт иштерине – 47930 сом.
5.Ак-Шоола балдар бакчасына полдорун оңдоо үчүн – 12396 сом.
6.Жеткинчек балдар бакчасына чириген полодорун оңдоо, кампа куруу, жана башка ремонт иштерине жалпы – 76375 сом.
7.Наристе балдар бакчасына электр тетиктери жана ремонт иштерине – 18490 сом.
8.Барчын балдар бакчасынын аймагына асфальт төшөө боюнча шаардык кеңештин токтомунун негизинде 295000 сом акча каражаты бөлүнүп подрядчы ишканага өткөрүп берилген. Аба-ырайына байланыштуу жумуш 2018-жылдын 1-кварталында аткарылат.
Мындан сырткары шаарга караштуу 9 балдар бакчасы жана 1 реабилитация борбору 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата жаңы үлгүдөгү компьютерлер, принтерлер ж.б. (оргтехникалар) менен камсыз болду. Өрт шаймандары менен камсыздоо боюнча 15 мектеп жана 10 бала бакчаларга 136 даана ОП-5 маркасындагы өрт өчүргүчтөр (огнетушителдер) жалпы 106080 сомго алынып берилди. Ошондой эле таза суу, таштандыларды алып чыгуу, электр энергиясы жана көмүр үчүн бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып берилүүдө. Ошону менен бирге кышка карата даярдык боюнча 5 бала бакча (Ак-Шоола, Арча-Бешик, Жасмин, Жеткинчек, Ынтымак) жана 9 мектепке (Д.Жороев, Казыев, Тайлан, Амир Темур, Ысык-Көл, №1 Гимназия, №4 Гимназия, Беш-Бала, Ак-Булак) жалпы суммасы 95520 сомдук керектүү чарбалык материалдар камсыздап берилди.
Маданият тармагында өткөрүлгөн иш-чаралар төмөнкүлөр:
· Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагындагы мырзалар арасында, тактап айтканда мектептердин жогорку класстарынын окуучулары арасында “Эр жигит” кароо-сынагы И.Раззаков атындагы 2021 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү. Ал жердеги курал-жарактар тууралуу көргөзмөлүү семинардан кийин концерттик бөлүгү жана спорттук мелдештери өткөрүлдү. Бул иш-чарага жергеиликтүү бюджеттин эсебинен 4500 сом акча каражаты жумшалды.
· 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында «Жаз периси – 2017» кароо-сынагы алгая Чимген айылындагы маданият үйүндө шаардык туру өткөрүлүп, райондук турга шаардын атынан бир жеңүүчү катышты. Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары үчүн 5000 сом акча каражаты жумшалды.
· 21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара борбордук стадиондо өткөрүлдү. Ак-Булак, Мурза-Патча айылдары жана Исфана-3 аймагы катышып, кол өнөрчүлөрдүн жана тамак-аш көргөзмөсү, аркан-тартыш мелдештери өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 42500 сом акча каражаты сарпталды. Орун алган командаларга шаар мэриясынын акчалай сыйлыктары берилди.
- 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата шаар мэриясына караштуу “Кулунчак” калыптандыруу борундагы 30 балага ар бирине 400 сомдук жалпы 12000 сомдук азык-түлүк пакеттери берилди.
· Облустук деңгээлде өткөрүлгөн “Айгүл – Баткендин символу” аттуу марафонго шаар мэриясы тарабынан 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
- КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” каналында өткөрүлүүчү Республикалык “Шайыр-апалар” телефестивалына катышуучу Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Даткайым” апалар этно фальклордук тобуна аталган фестивалга барып катышып келүүсү үчүн 35000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
· “Маданият айылдан башталат” аттуу маданият күндөрү Исфана шаар мэриясы жана Ак-суу айыл аймагы арасында иш-чаралар өткөрүлүп 14500 сом акча каражаты жумшалды.
Газета-журналдарга жазылуу боюнча шаар мэриясынын кызматкерлерин жана мэрияга караштуу субъекттердин кызматкерлеринин газета-журналдарга жазылуусу уюштурулду. Исфана шаар мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан газеталарга жазылуунун суммасы 2017-жылдын 2-бөлүгүндө 27501 сом, ал эми 2018-жылдын 1-жарымына 27200 сомду түздү
Санариптик телеберүүгө өтүү өнөктүгүнүн алкагында КР Өкмөтү жана облустук өкүлчүлүк жана ЛРМАнын каттарынын негизинде Исфана шаарына караштуу телечагылдыргычтарды жеңил оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча Самат айылындагы чагылдыргыч башка ылайыктуу жерге көчүрүлдү, 29505 сомдук материалдар алынып ремонттолуп берилди. Ал эми Кашка участкасындагы телечагылдыргычтын ремонт иштери үчүн 15945 сомдук материалдар алынып берилди. Эки жерде тең электр линиялары толук жаңыланды. Бүгүнкү күндө 2 телечагылдыргычтарга тең санариптик аппараттар орнотулган.
Китепканалардагы шарттарды жакшыртуу боюнча 9405 сом акча каражаты бөлүнүп шаарга караштуу китепканаларга чарбалык материалдар жана ремонт иштери аткарылды: Чимген б/б-6865, Голбо б/б-1260, Тайлан б/б -1280 сом.
Спорт тармагында:
· жаштарды патриоттуулукка чакыруу, жаштар арасында достук жана ынтымак мамилелерин чыңдоо, ошону менен бирге спорттун жаштар арасында кеңири жайылуусуна шарт түзүү максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата элдик улак-тартыш оюну уюштурулуп өткөрүлдү. Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн 60,0 миң сом акча жумшалды.
· 7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата медицина кызматкерлери, айылдык ден-соолук комитеттери жана социалдык педагогдор арасында уюштурулуп өткөрүлгөн акцияга жана спорттук иш-чараларга шаар мэриясы тарабынан 12000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
· 9-май Улуу Жеңиш майрамына карата улуттук күрөш оюну өткөрүлдү. Күрөш оюну жылдагына карата өзгөчө уюштурулуп балбандар салмагына карап жарышышты. Анда салмагы 70 кг чейин болгон балбандарга өзүнчө, ал эми салмагы 70 кг ашык болгон балбандарга өзүнчө сыйлыктар берилип, (Бишкек шаарында өткөрүлгөн күрөш оюнуна берилген салымды эсепке алганда) жалпы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
Исфана шаарынын аймагында 2017-2018- жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү:
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясын 2017-жылдын 29-майындагы “Лейлек районунун социалдык мекемелерин жана калкын 2017-2018 – жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндөгү” №2/135 буйругун аткаруу максатында, ошондой эле Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2017-2018- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо жана электр тармактары боюнча иштерди жөнгө салуу максатында 2017-жылдын 30-майында Исфана шаар мэриясынын №130-буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген.
Жогоруда аталган буйруктун негизинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнө билим берүү мекемелеринин директорлорунан заявкалар топтолуп, ар бир социалдык мекемелер боюнча көмүрдүн эсеби такталды. Билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн сатып алууларга конкурс өткөрүү боюнча шаар мэриясынын буйругун негизинде комиссия курамы түзүлгөн. Конкурс мамлекеттик сатып алуулар интернет-порталына жарыяланып, 2017-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн конкурска 2 көмүр өндүрүүчү ишканалар – “Т.Ибрагимов” ЖЧК жана “Таш-Короо” ЖЧК катышкан. Конкурстун жыйынтыгында “Таш-Короо” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган жана 2017-жылдын 21-июнунда жалпы суммасы 4196273 сомду түзгөн эки тараптуу келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы 5980 сомдон, БР маркасындагы – 4160 сомдон жана БСШ маркасындагы көмүрдүн баасы 1 тоннасы 2500 сомду түзгөн. Жергиликтүү бюджеттин сметасына ылайык көмүр сатып алуу үчүн 4208350 сом акча каражатына тендер жарыяланган болсо тендердин жыйынтыгы менен 12077 сом акча каражаты үнөмдөлгөн.
Исфана шаар мэриясына караштуу 11 орто билим берүүчү, 1 жалпы негизги, 1 башталгыч жана 2 гимназия мектептерине, ошондой эле 9 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана 1 майып балдар үчүн реаблитациялык борборго бардыгы болуп 1117,21 т. көмүр керектелет. Бул мекемелерде өткөн окуу жылынан калган калдык көмүр 2017-жылдын 1-апрелине карата 125,2 тонду түзөт. Ал эми керектелүүчү көмүрдүн ичинен 645,1 тон БСШ маркасындагы, 131,71 тон БР маркасындагы жана 340,41 тон БК маркасындагы көмүр. Билим берүү мекемелеринин арасынан Токтогул атындагы орто мектебинде жана Самат атындагы орто мектебинин жаңы имаратында жылытуу системасы электр кубаты менен жылытылат.
2018-жылдын 1-январына карата билим берүү мекемелерине жалпы 895,5 т. көмүр ташылып, камсыздоо 80,15 % түзөт.
Ал эми электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу ар бир билим берүү мекемелери жана башка социалдык объекттер боюнча электр энергиясын лимиттери бөлүштүрүлүп бекитилип берилген. Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу социалдык обьекттердин лимити жалпы 1522,457 миң кВт түзөт.
Социалдык тармакта 2017-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча 2016-жылга карата салыштырмалуу (таблица 7)
№ | Аткарылган жумуштар | 2016-жыл | 2017-жыл | Көрсөткүч +/-
| эскертүү |
1 | Өткөрүлгөн спорттук иш-чаралардын саны жана сарпталган каражат / м-н | 5 / 167500 | 3 / 152000 | 2- / 15000- |
|
2 | Өткөрүлгөн маданий иш-чаралардын саны жана сарпталган каражат / м-н | 6 / 84000 | 5 / 64000 | 1- / 20000- |
|
3 | Республикалык бюджеттен курулушу каржыланган (же каржыланып жаткан) обьекттердин саны | 2 | 6 | 4+ |
|
4 | Үлүштүк гранттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлор | 0 | 3 | 3+ |
|
Социалдык жактан коргоо боюнча:
Исфана шаар мэриясынын социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн 2017-жыл ичинде көрсөтүлгөн жардамдар боюнча маалымат:
Исфана шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган арыз менен кайрылган 194 (2016-жылы 233) үй-бүлөгө арызын канааттандыруу максатында 631322 (2016-жыл 548760) сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Ооган согушунун 17 ардагерлерине жана каза 4 жоокердин үй-бүлөсүнө 1100сомдон 23100сом (2016-ж 20580)
8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган Баатыр энелерге ар бирине 500сомдон жана активист 28 энеге 600сомдон (2016-ж 177 Баатыр энелерге майрамдык 88500сомдук ) 108800сомдук акчалай жардам берилген.
Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүүдө Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 70 жакыр үй-бүлөгө 400сомдон жалпысынан 28000сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн.
ЧАЭСтердин майрамына 5 катышуучусуна 2000сомдон 10000сом жана ЧАЭСтин катышуучусу Барашкин Юрий акыркы сапарга узатууга 6000сом жумшалган акчалай жардамдар берилген бардыгы болуп 16000сом.
Энелер күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 65 энелерге майрамдык кече уюштурулуп жалпысынан (2016-ж 60 энеге 63020) 97500 сомдук белектер жана сый тамак уюштурулуп берилген.
Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 2 ардагерге 10000сомдон ошондой эле 55 ооруктун ардагерлерине 2000сомдон жалпысынан (2016-жыл 147000) 130000 сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 16 тоголок жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында ар биринин эсебине 3000сомдон жалпысынан (2016-жыл 14 балага 42000) 48000сом которулуп берилген, ошондой эле «Кулунчак»ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна тарбияланып жаткан 30 балага жана 11 тоголок жетим балдарга, ар бир балага бирден 400сомдук белек даярдалып жалпысынан (2016-ж 11000) 16400сом акча каражаты жумшалган. Ошондой эле райондук деңгээлде уюштурлан турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жана тоголок жана жарым жетим балдарга 20000сомдук майрамдык сый тамак жана белектер уюштурулуп берилген бардыгы болуп 84400(2016-ж 53000)сом
Онкологиялык ооруу менен ооруган 38 атуулга дарыланып келген жол чыгымдары учун (2016-ж 36 атуулга 166777) 227316 сом төлөнүп берилген.
Кургак учук ооруу менен ооруган 6 атуулга (2016-ж 7 атуулга 28483) 23026 сом жол чыгымы учун.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 38 жаранга 111000 (2016-ж 44 атуулга 111100) сом акчалай берилген.
Турмуш шарты начар 54 үй-бүлөгө 16000 (76 уй-булого 225800) сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
Багуучусун жоготкон (СПК) 7 үй-бүлөгө 19000 (2016-ж 10 үй-бүлөгө 21600) сом акчалай жардамдар берилген.
1-октябрь карыялар күнүнө карата Исфана шаарынын аймагында жашаган согуштун ардагерлери, тылда эмгектенген, ардагерлер жалпысынан 120 карыяга сый тамак жана акчалай жардамдар берилип жалпысынан 120000 (2016-ж 125 карыяга 125000) сом жумшалган.
2017-жылдын ноябрь айында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында музыкалык фестивал уюштурулуп 1-орунга баш байге үчүн Исфана шаар мэриясы тарабынан 12000сомдук түстүү телевизор алынып берилген.
3-декабрь эл аралык майыптар күнүнө карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 168 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар бирине 500сомдон акчалай жардам берилген жалпысынан 84000(2016-ж 152 ДМЧ 76000) сом жумшалган.
2018-жылдын 27-декабрында Исфана шаар мэриинин балаты майрамы уюштурулуп, Исфана шаарынын аймагында жашаган 42 ар турдуу категориядагы окуучуларга белектер жана сый тамактар уюштурулган. Жалпысынан 42400сом жумшалган.
2017-2018-жыл үчүн кыш мезгилине карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 29 жалгыз бой карыяга ар бирине 500кг. дан, турмуш шарты оор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тоголок жетим, жарым жетим балдарга бардыгы болуп 58 үй-бүлөгө 300кг. дан, жалпысынан 31т. 400кг. 204100сомдук көмүр Исфана шаар мэриясы тарабынан жумшалган. Жеке ишкерлер тарабынан колдоолор көрсөтүлүп, жалпысынан 69 жаранга 32 тон 400кг көмүр таркатылып берилген.
Исфана шаар мэриясынын социалдык коргоо статьясынын эсебинен жалпысынан 1 494 202 сом 2017-жылдын жарым жылдыгына карата жумшал-ган (2016-ж 1 500 000 сом).
(таблица 8)
№ | Категориялардын аталышы | Адам саны |
| ||
2016 | 2017 | % | |||
1 | УАМС ардагерлери | 2 | 15000 | 20000 | +5000 |
2 | ЧАЭС катышуучулары | 5 | 10000 | 10000 | 0 |
3 | КОС и КОГ | 3 | 6000 | 4000 | -2000 |
4 | Жалгыз бой карыялар | 2 | 9000 | 12000 | +3000 |
5 | Батыр энелер | 184 | 88500 | 92000 | +3500 |
6 | Жалпы оорунун майыптары | 38 | 100000 | 111000 | +11000 |
7 | Кургак учук менен ооругандар | 6 | 28483 | 23026 | -5457 |
8 | Онкологиялык оорукчандар | 50 | 200517 | 227916 | +27399 |
9 | Ото жакыр уй-булолор | 54 | 228800 | 160000 | -68800 |
10 | ДРА (Афган согуш. Ардагер ж-а жесирлери) | 21 | 20580 | 23100 | +2520 |
11 | Ооруктун ардагерлери | 55 | 132000 | 110000 | -22000 |
12 | СПК (багуучусуну жоготкон уй-булолор) | 7 | 15000 | 19000 | +4000 |
13 | Башка чыгымдар (даталуу кундор ) 1-июнь, социалдык адилеттуулук, энелер куну, карыялар куну, майыптар куну | - | 646120 | 682160 | +36040 |
| Бардыгы |
| 1500000 | 1494202 | - 5798 |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык
менчик департаменти:
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жыл ичинде жогорку органдардан жана мекеме уюмдардан 160 кат, жарандар тарабынан 1840 арыздар түшкөн. Алардан 740 арыз турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө (Бүргөндүгө 55 арыз берген), 1100 арыз жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жооп берилген.
Бөлүмдүн негизги аткаруучу функциясы-муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
2017-жылдын жыл ичинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.
Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен Мурза-Патча айылында суммасы 12 000 000 сом болгон 40 орундуу балдар бакчасынын курулушуна тийиштүү документтери Исфана шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалды.
Исфана шаарында “Ас-Сафа” борбору коомдук бирикмеси каржылоосу менен суммасы 40 000 000 сом болгон балдар мектеп интернатынын курулуш иштерине тийиштүү документтерди жана жер тилкесин бир категориядан бир категорияга (трансформациялоо) которууга документтери Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан документтери даярдалып муниципалдык менчикке катталып алынды.
Кара-Таш айылында республикалык бюджеттин эсебинен суммасы 15 147 903 сом болгон 50 орундуу балдар бакчасынын имаратынын тийиштүү документтери бүткөрүлүп, курулушу башталды. Бул имарат жакынкы күндө пайдаланууга берилет.
Ошону менен бирге Голбо айылындагы орто мектептин 270 орундуу спорт залы менен жаңы имаратынын 36 392 891 сомдук республикалык бюджеттин эсебинен курула турган имараттын тийиштүү документтерин муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалып тийиштүү жогорку мекемелерге жөнөтүлдү.
Исфана шаар мэриясына караштуу Голбо айылына спорттук зал жана балдар бакчасына тийиштүү иш-кагаздары бүткөрүлүп берилди.
Исфана шаар мэриясы тарабынан Мурза-Патча айылына АӨӨБКнун төрагасына жана тескөөчүсүнө кеңсе куруу боюнча Ажи Строй ОсОО тендерден утуп алып, бүгүнкү күндө 409 775 сом берилип, курулуш иштери бүтүү алдында турат.
Мурза-Патча айылындагы панолорду краскалоо жана Жаны Конуш участкасына табличкаларды орнотуу үчүн 51000 сом жумшалган.
Исфана шаар мэриясынын аймагына коюлган трансформаторлорго;
Исфана шаар мэриясына караштуу Самат айылына балдар бакчасын;
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы орто мектептерге жана Чимген айылындагы Арча-Бешик балдар бакчасына. Беш-Бала, Гагарин, Навои, Ыссык-Көл жана Казыев атындагы орто мектептерине ажаатканаларды курууга;
Исфана шаар мэриясына караштуу Чимген жана Ак-Булак айылдарына таза суу иштерине;
Чимген айылына кичи футболдук аянтча;
Тайлан ФАП , Жапаров жана Ыссык-Көл орто мектептерине жылытуу системасы оңдоо максатында 3 394 319 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилген;
Кара-Таш жана Беш-Бала айылына жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн куруу Исфана шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчик департаменти тарабынан документтери даярдалып, бүгүнкү күндө эл кызматына берилди.
Исфана-Сүлүктү-Кайрагач жана Исфана шаарындагы Тоголок-Молдо, Восточный, Туракулбай-Ата унаа жолдорунун капиталдык курулуш иштери башталып, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине туура эмес курулган курулуштар жана эгилген бак дарактар алдырылып унаа жол курууга шарт түзүлүп берилди.
Экинчи кичи районундагы Манас-Дружба көчөлөрүнө жана Ак-Булак айылындагы “Шапкырт Суу” калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жаңы линиянын курулушу аяктап, 350 124 сом сарпталып, пайдаланууга берилди.
Манас көчөсүнө шагыл төшөө боюнча 102 000 сом;
Исфана шаарындагы Самат Садыков атындагы эс алуу багы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы “Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан Самат Садыков атындагы паркты Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын муниципалдык менчигине өктөрүп берүү жөнүндөгү” № 451-токтому менен маданият министрлигинен Исфана шаар мэриясына өткөрүлүп, бүгүнкү күндө Исфана шаар мэриясы тарабынан инвентаризация иштери жүрүп жатат.
Жалпысынан алганда 2017-жылга Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 13 509 200 сом акча каражаты жумшалып, бир топ иштер аткарылды.
Исфана шаарынын Госспецхоз участкасынын чыгыш тарабынан 535-контурунан 13 га жер тилкесин Исфана шаарынын мэриясынын аймагындагы калкты турак-жай салуу үчүн жер муктаждыгын чечүү максатында айыл чарба категориясынан калктуу конуш категориясына (трансформациялоо) которуу үчүн иш кагаздары даярдалып, жогорку органдарга жөнөтүлдү.
Исфана шаарында элдин көйгөйүн чечүү максатында Дыйкан базары ачылды.
Исфана шаар мэриясына талаш тартыш жерлер боюнча тийиштүү комиссия курамы менен жайында барып акттар түзүлүп чечилип, иш кагаздары толугу менен муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалып, эскертүүлөр берилди.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтуруу максатында 2017-жылдын 15-августунда ачык аукцион өткөрүлүп, Исфана шаар мэриясынын аймагындагы жер тилкелеринен сатуудан 842 426 (сегиз жүз кырк эки миң төрт жүз жыйырма алты ) сом, ижарадан 67 288 (алтымыш жети миң эки жүз сексен сегиз) сом Исфана шаар мэриясынын эсебине түшүрүлдү.
Ижарадан 2016-жылы 115900 түшкөн болсо – 2017-жылга 346800 сомду түзүп 134% ашыкча аткарылган жана сатуудан 2016-жылга 102000 түшкөн болсо – 2017-жылга 1031100 сомду түзгөн , жалпысынан алганда Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине суммасы 1377900 ( бир миллион үч жүз жетимиш жети миң тогуз жүз) сомду түзгөн киреше түшкөн. 2016-жылга салыштырмалуу 11 000 сом ашыкча түшүрүлгөн.
Исфана шаар мэриясына жергиликтүү бюджеттинен 1545000 сомдук грейдер алынып берилди.
2016-2017-жылда ижара боюнча түшкөн кирешелер. (Таблица 9)
2016-жыл | 2017-жыл | ||||
план | аткарылды | % | План | аткарылды | % |
112 500 | 115 900 | 103% | 145 000 | 346 800 | 239,0% |
2016-2017-жылда сатуудан түшкөн кирешелер. (Таблица 10)
2016-жыл | 2017-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
1,5млн | 1 020 000 | 68% | 1,5 млн | 1031100 | 68,7% |
Муниципалдык менчик департаментинде муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөн – 346 800 сомду түзгөн жана Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке сатуудан 1 031 100 сомду түзгөн, жалпысынан алганда Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине суммасы 1 377 900 сомду түзгөн киреше түшкөн.
Исфана шаарынын мэриясына караштуу “Исфана-таза суу” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын ичинде аткарган иштери боюнча
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө төмөнкү кызматкер 5 жооптуу кызматкер, 6 кассир контролер, 5 ремонттоо бригадасы, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 завхоз жана 1 техничка жалпысынан 25 кызматкерлер эмгектенишет. Андан сырткары 1 кызматкер Чимген айлында келишим менен эмгектенип келет. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2017-жыл ичинде Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздардын саны 128 арыз катталган.
2017-жылдын 12 айлыгында элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 2 138 514 сом, коммерциялык точкалардан 150 797 сом, Бюджет мекеме, ишканалардан 573 384 сом жана суу түтүгүн кошуу, ондоп түздөө иштеринен 256945 сом. Жалпы суммасы – 3 119 640 сомду тузду. Эмгек акысына, соцфондго, салыктарга, 5%тик кредитке,коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга административдик иштерге, ондоп түздөө иштерине жалпысынан – 3 119 640 сом чыгымдалган.
Лесная көчөсүндө скважинада насос ремонттолуп, кайрадан орнотулду (30 000 сомдук) . “Ас-Сафа” балдар интернатына узундугу 500 метрге суу түтүгүү тартуу үчүн казуу жана монтаждоо иштери жүргүзүлдү (31300сомдук).
Тарифтер мыйзамдаштырылып, монополияга каршы жөнгө салуу башкармалыгы тарабынан бекитилди.
Экинчи кичи районунун Э.Эгембердиев жана К.Кундузов көчөлөрүндө суу буруучу задвижкалар алмашып, керектүү жерлерге ремонттолуп коюлду(10000 сомдук).
Тоголок Молдо көчөсүндөгү 2- кичи районунда авария болуп,d =200мм 8метр суу түтүгү алмашылды (7500 сомдук).
«Исфана таза суу» муниципалдык ишканасына караштуу суу резервуарлары тазаланып, санитардык сапатын жакшыртуу боюнча хлорлонду. Жогоруда аталган ишканага караштуу суу түтүктөр күн сайын ремонттолуп элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча өз убагында жумуштар аткарылып, көзөмөлдөнүүдө (45 000 сомдук).
Тоголок Молдо көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 12 кожолукту суу менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүрүп,аталган көчөдө суу түтүктөрүнө чункур казылып, жогоруда аталган көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту. (Ашар жолу менен 45000 сомдук).
2017-жылдын апрель жана май айларында “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы менен таза суу пайдалануучулар ортосунда келишимдер 97 % тузулду.
Голбо айылындагы суу түтүктөрү текшерилип чыгып, арыз даттануулар боюнча 170м d =25мм суу түтүгү жаныланды (6400 сомдук).
Суунун акчасын төлөбөгөн көчөлөрдүн суу түтүктөрү жабылып салынды, ошондой эле суунун акысын төлөбөгөн 14 жарандын кранттары акттын негизинде кесилип суу берүү токтотулду.
Тоо жайлоо- Тегирменти суунун башына барып, дренаждык трубаларды ремонттоо жана тазалоо жумуштары аткарылды. Андан сарткары жогоруда аталган линияда ондоо жумуштары жүргүзүлүп жатат (15000 сомдук).
Тоголок Молдо көчүсүндө рейд жүргүзүлүп, сугат суу иретинде пайдаланган 2 жарандын кранты акттын негизинде токтотулду.
Баланска алуу иштери жүрүп, Каптаркана-Тайлан-Узун Сай линиясы боюнча жумуштар башталып резервуарга чейинки жана айылдын ичиндеги суу түтүктөрүн абал менен таанышылды.
Салам Бава көчөсүндөгү 160 метр аралыкта жаны линия тартылып, сууга болгон көйгөй чечилди (12800 сомдук).
Восточная көчөсүндөгү скважинанын 2 задвижкасы ондолуп, ошол эле көчөдөгү суу буруучу задвижкасы колодец менен бирге орнотулду.
2017-жылдын май айында Заманбап интернет жана телефон жабдуулары менен камсыздалды өзүнүн электрондук почтасын ачты. isfana.tazasuu@mail.ru
Исфана шаарынын мэриясына караштуу Чимген айылындагы “Чимген” булагынан жогоруда аталган айылды суу менен камсыз кылуу үчүн демөөрчү Бабакул Осмонов тарабынан 450 000 сом акча каражаты жана “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан 20 000 сом жалпы суммасы 470 000 сом каралып, жашоочулар суу менен камсыз болушту.
Чимген айылынын Корук көчөсүнө 200 метрге суу түтүгүн тартып, эки көчө крантын демөөрчүлөр тарабынан 12 000 сом “Исфана таза суу” муниципадык ишканасы тарабынан 10 130 сом жана эл тарабынан ашар жолу менен 3000 сом жалпы сметасы 23130 болгон жумуш сентябрь айында аткарылды.
“Исфана таза суу муниципалдык” ишканасынын 2-кичи районунундагы суу кампасына 1998-жылдан бери иштебей келе жаткан скважина Кувейт мамлекетинен Назар Аль-Насафтын атынан оңдолуп тазаланып,кубаттуулугу 11 ква болгон тереңдиктен суу тартуучу 8 дик насос орнотулду жана хлорлоо жайы оңдолуп түзөлдү. Жалпы суммасы 600 000 сомду түзгөн бул долбоор 2-кичи районунун элинин суу менен камсыз болушуна жардам болду “Исфана таза суу”муниципалдык ишканасы тарабынан 45 100 сом коротулду.
Биринчи-кичи районунун Восточная көчөсунун 15 кожолугун суу менен камсыз кылуу максатында 200 метр суу түтүгү тартылып, элди суу менен камсыз кылуу жумуштары аткарылды.(8000 сомдук).
Восточная, Салам-Бава, И.Раззаков, Пилол, Пулон, Жаны абад, Чынар, Эгембердиев көчөлөрүндө ремонт иштери жүргүзүлдү.(5000 сомдук)
Эчки баш участкасындагы ремонт иштери (2000сомдук).
“Исфана таза суу ” муниципалдык ишанасынын кызматкерлерине Евро банктын экология адистери тарабынан семинар тренинг өткөрүлдү.
Береке базарына, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана РИИБ нө пожарный гидранттар үчүн диаметри 32 жана 50 лүк суу түтүктөрү 160 метрге тартылды жана ошондой жумуштар Лейлек базарында уланып жатат.
Бөзөгүл участкасында суу түтүктөр жана колодецтер ремонтолду. Чимген айылында 4 колодецке суу бургучтар жаңыланып коюулуп берилди.
Туракулбай- Ата чайханасынын алдында суу түтүгүн ондоо иштери жүргүзүлдү-(1850сом).
Дружба,Госспецхоз,Тоголок Молдо, Чынар, Кошмуратов, Пилол,Бөзөгүл көчөсүндөгү жаны тартылган суу түтүгүн ондоо иштери(15530сом) жүргүзүлдү.
Голбо айылында суу түтүктөрүнүн жарылган жерлери ондолду- 1500сомдук, Ак-Өргө көчөсүдө суу түтүктөргө винтель жана гусак коюлду-1065сом. 200м суу түтүктүрү өткөрүлдү(5000сомдук).
Биринчи кичи районундагы скважинасынын айланасын тосуу иштери жургузулду -4800 сомдук.
Токтогул мектебинин суу түтүктөрү ондолду-(2000 сомдук). Салам-Бава көчөсүндөгү мечиттин суу түтүгү ондолуп берилди-(1200 сом).
Тегирменти суу башында 12метр дринаждык трубалар кошулуп коюлду. (10 500 сом).
Экинчи кичи районунун суу кампасынын ичиндеги d =200 болгон 8 метр суу түтүгү жаныланды (8500сомдук) иш аткарылды.
Ас-Сафа балдар интернатына демөөрчүлөр тарабынан кошумча 500 метр суу түтүгү жана кубатттуулугу 4 ква болгон ЭЦВ 8 насосу орнотулду.
Чимген айылындагы суу кампасынын чыга беришине d =220 суу буруучу коюлду (6000сомдук). ЕРӨБна керектүү кагаздарды жөнөттүк, 5% кредит жоюлду.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча
“Лейлек–Тазалык” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 21 кызматкер эмгектенет анын ичинен 4 жооптуу кызматкер; 5 айдоочу; 7 жумушчу; 3 тейлөөчү кызматкер; 2 багбан эмгектенишет.
“Лейлек -Тазалык” муниципалдык ишканасы негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо шаардын көрктөндүрүү жагы шаардын түнкү жарыктарын жана келишим түзгөн мекеме ишканаларын тейлейт. Бүгүнкү күндө 9 даана техникасы бар, жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын ички жолдорундагы таштандыларды тазалоо жумуштарын аткарат. 2017-жыл ичинде “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасы төмөнкүдөй жумуштарды аткарды:
· Кыш күңдөрү шаардын ички жолдоруна кар коп жаап тайгак болгон убактарда коопсуздукту сактоо максатында шлак жана туз материалдарын себилип турду. Ал учун 57 рейс шлак, 600 кг. туз себилип, МТЗ 82/1 эксковаторуна атайын кар сүрчүүнү орнотуп жааган, карларды өз убагында сүрүп тазаланды бардыгы болуп 239 150 сом акча каражаты жумшалган.
· Март айынан жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында бак-дарактарды актоо жумуштарына 1700 кг. айыл башчыларына жана шаардын көчөлөрүңдөгү бак-дарактарга 200 килограмм аки таш сарпталды бардыгы болуп 1700 кг. болуп, 42500 сом акча каражаты сарпталды.
· Шаардын борбор көчөлөрүңө майрам жана да талуу күңдөргө байланышкан маалыматтарды ураандарды чагылдырган лозунгдар учун 200 м2 банер алынып ал учун 69920 сом акча каражаты сарпталды.
· Шаардын көчөлөрүн тазалыгын сактоо максатында март, апрель, май, июнь айында шаардын борбордук көчөлөрүнө суу себүү иштерине жана жаны отургузулган арча көчөттөрүнө 581 рейс суу ташылып ар бир машинасы 6500 литрден 3776,5л суу пайдаланып 816886 сомдук акча каражаты сарпталды .
· 2017-жылга 1239 жеке кожолуктар менен келишим түзүлгөн, мындан сырткары 58 мекеме уюмдар менен келишим түзүлүп белгиленген график боюнча күнүгө 4 рейстен таштанды алынып чыгууда, бардыгы болуп жылдын жыйынтыгына 1156 рейс 5202 тонна 6502м3 таштанды ташылды.
Исфана шаарынын ичиндеги түнкү жарыктар электрокобралар үчүн 19 даана х 2500 сомдон = 47500 сом акча каражаты жумшалды. Лабароториялык текшерүүдон өтүү үчүн 40000 (Кырк мин) сом акча каражаты жумшалган.Ошондой эле Исфана шаарына караштуу мектептердин жана балдар бакчасынын каттуу жана суюук таштандыларын алып кызмат көрсөтүлүүдө.
Мектептерден жана балдар бакчасынан 47 рейс суюк таштанды алынды.
Ошондой эле № 2021 чекара заставсынан 61 рейс суюк таштанды алынып 133 893 сомго жумуш аткарыды. Кыш мезгилине карата кар жаап тонголок болгон учурда себуу учун Исфана шаар мэриясына караштуу Кошмуратов, И.Раззаков, Манас-Ата, Салам-Бава,Касым-Ата, Курулуш, Восточная, СССРдин 60 жылдык, Тоголок-Молдо, Кундузов көчөлөрүнө бардыгы болуп инерттик материалдар даярдалды. Исфана шаар мэриясынын борбордук аянтына жаны жылга жаны жылдык балатыны орнотуу жана жсалгалоого 50 000 сом акча каражаты сарпталды.
Бирок, аталган ишкананын жетекчилиги тарабынан жумушчуларга шарт түзүү, ишкананы жана короосун таза сактоо, көрктөндүрүү, шаардын ички көчөлөрүнө гүл өстүрүү, отургузулган көчөттөрдү өз убагында суугаруу, кароо, түнкү жарыкты өз убагында иштетүү жана өчүрүү, светафорлордун иштөөсүн камсыз кылуу, шаардын тазалыгын системалуу жүргүзүү, техникалардын дайыма оң абалда иштөөсүнө көңүл буруу, абоненттик төлөмдөрдү өз убагында топтоо, планды толтуруу ж.б. бир топ кемчиликтерге жол берилген.
Исфана жайыт комитети боюнча:
2017-жылдын биринчи кварталында жайыт жерлеринде жайгашкан короо жайларда жайгашкан малдардын санын так алып, малчылар менен жайытты унөмдүү пайдалануу боюнча келишимдерди түзүп, Беш-Кудук, Темич-Кол.Шор-Булак, Тоо- Жайлоо, Кутчу, Шапкырт жайыттары боюнча мониторинг жүргүзүп чыктык.
Кыркымкана жайыт участкасы боюнча 2016-2017жылга АРИС тарабынан каржыланган малдарды бышуучу жана жүн кыркуучу жайды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп 776930 сомго тендер жүргүзүлүп АРИС тарабынан 547000сом жамаат тарабынан 163 000 сом сарпталды.
Ала-Тамыр жайыт участкасынын боюнча 2016-2017жылга АРИС тарабынан каржыланган скважинаны капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп сомго тендер жүргүзүлүп АРИС тарабынан 354000сом жамаат тарабынан 122 000 сом сарпталды.
Грейдер XGMG GR165 үлгүсүндөгү атайын техника, АРИС тарабынан 4 635 000 сом, шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 545 000 сом бөлүнүп, жалпы 6 180 000 сомго алынды.
Исфана жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети 697 000 сомго бекитилген, а.и. жер салыгына 125 120 сом, эмгек акына 182 700 сом, соцфонд төлөмү үчүн 22 560 сом, башка күнүмдүк чыгымдарга 51 000 сом, жайыттардын инфраструктурасына 300 000 сом чыгымдалган. Бүгүнкү күнгө карата 16 000 сом калдыгы бар. 2017-жылы жайытка чыгарылган ири мүйүздүү малдардан 246 025 сом, кой-эчкилерден 425 115 сом, жылкыдан 25 860 сом жайыт акы топтолгон.
Жайытка баруучу жолдор техниканын жардамы менен оңолуп, техниканы иштетүү үчүн чыгымдар 7000 сомду түздү.
Аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча:
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы чыгыш №05/1895 катын аткаруу боюнча 2017-жылдын 04-январынан 28-февралына чейин 2001-жылы төрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо иштери өткөрүлдү. Мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте уландардын өздүк делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2001-жылы туулган 204 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке катталбай калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБК төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
23-февраль – Мекен Коргоочусу Күнүнө арналган иш-чаралардын мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин окуучулары жана окуу жайларынын студенттери менен аскерде кызмат кылып келген уландардын жолугушууларын өткөрүү макулдашылып, уюшулган деңгээлде өткөрүлдү. Орто мектептеринин окуучулары аскер кызматы жөнүндөгү кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Улуу Жеңиш Күнүнүн 72-жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин урматтап-сыйлоо боюнча иш-чаралары уюшкандыкта өткөрүлдү. Исфана шаарынын аймагында жайгашкан мектептердин, окуу жайларынын эмгек жамааттары, окуучулар жана студенттер активдүү катышышты. Ар бир ардагер боюнча өзүнчө иш-чара алып барылды.
2017-жылдын март-май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 518 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 21 чакырылуучу аскердик кызматка, 35 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 8 улан, альтернативдик кызматка 58 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
01-04 июнь күндөрү мэриянын кабарлоо участогунун өздүк курамы КМ Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын башчысынын планы боюнча өткөрүлгөн тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Резервдик түзүлмөлөрдү практикалык жыйноо боюнча берилген көрсөтмө так аткарылып, аскерге милдеттүүлөр өз убагында кабарланды.
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» Мыйзамына өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы уюштуруу мобилизациялык башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан түшүндүрүү иштери чакырылуучулардын ата-энелери, аскердик башталгыч тарбия мугалимдеринин катышуусунда өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар тармагы боюнча:
Исфана шаар мэриясына караштуу айыл, кыштактардын кооптуу делген 14 (он төрт) участкаларынын карта схемалары, чиймелери чийилип, фото сүрөттөрү алынып, ӨКМинистрлигине жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиннен, областык, райондук жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардан келген ар кандай билдирүү, каттарды өз убагында тийиштүү адистерге, айыл башчылырга тааныштырылып, маалымат жеткирилип, билдирилип турду. Жарандык Коргонуу боюнча Баткен областык башкармалыгынын, Лейлек райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын буйруктарынын негизинде орто мектептерде жер титирөө ж. б. табыгый кырсыктардын алдын алуу боюнча машыгуулар өттү.
Ошондой эле 2017-жылдын май, июнь айларында сел келген, селден жабыр тарткан шаардын, шаарга караштуу айылдардын ички-тышкы 15 км көчөлөрү, суугат суу арыктарынын баштары Исфана шаар мэриясына караштуу “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан калыбына келтирилди. Сел жүрүүчү жерлерди, сайларды тосуп алган атуулдарга Исфана шаар мэриясы тарабынан ооз эки эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айлана-чөйрөнү изилдөө департаментинин (кооптуу аймакта жашайт) корутундусунун негизинде 12 (он эки) кожолуктун 9 (тогуз) кожолугуна Исфана шаар мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти коопсуз жерлерден турак үй салууга участка ажыратылып берилди.
Исфана шаар мэриясы өзүнүн күчү менен атайын кырсыктын алдын алуу максатында Исфана шаарына караштуу Корук, Жаңы-Конуш, Калта-Кол жана Тайлан айылдарынын кооптуу участкаларына 750 метр аралыкта габион торчолорунун орното турган чуңкурларды даярдап берди, жергиликтүү калк өздөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген 700 даана габион торчолорунун 560 даанасын аталган айылдардын кооптуу участкаларына орнотушту.
Исфана шаарынын жеке ишкерлери менен биргеликте Тайлан айылындагы сайдын - 500 метрин, Самат айылындыгы сайдын - 700 метрин жана Исфана-1,2,3,4 участкаларындагы сайлардын - 2600 метрден ашык аралыктагы жерлерди механикалык тазалоо иштерин жүргүздүк. Ал эми Беш-Бала участкасында 10 000 метр/кубдан ашык сел алган жер калыбына келтирилди. Сайлардын жээктерине жергиликтүү эл менен биргеликте 5000 (беш миңден) ашуун тал-теректерди отургузуп, бекемдөө иштерин жүргүздү, шаарга караштуу баардык айыл, кыштактардын ички-тышкы көчөлөрүнө сел келгенден кийин элдерге шарт түзүү максатында сел алган жерлерди, авто жолдорду калыбына келтирип, грейдр жүргүзүлүп, авто жолдордун четтерине кувейттер ачылды.
Исфана шаар мэриясынын жетекчилери тарабынан берилген тапшырмаларды аткарып, шаардын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана АӨӨБКнин төрагалары менен биргеликте ишембиликтерди уюштурулду.
Исфана шаарына караштуу Ак-Тилек (Равахана) участкасындагы көтөрүмдүүлүгү 40 тонналык көпүрөө донорлордун эсебинен калыбына келтирилди.
Көрктөндүрүү боюнча.
2017-жылы Исфана шаар мэриясы тарабынан шаардын борбордук көчөлөрүнө жалпы - 650 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Анын ичинен 400 - даана можевельник, 250 - даанасы Ель Тян-шанский.
Жергиликтүү калк тарабынан жалпы-79600 даана бак-дарактар тигилди, анын ичинен – 7596 даанасы мөмө бере турган бактар. 400000 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. 103 км арыктар тазаланды.
Кутурма оруусунун алдын алуу максатында 898 (сегиз жүз токсон сегиз) баш ит-мышыктар кутурмага каршы атылып жок кылынды.
Кышка даярдык боюнча ноябрь айынын башында шаардын көчөлөрүнүн кооптуу бурулуш, участкаларга кумдар төгүлдү.
Шаардын жана шаарга караштуу айылдардын, көчөлөрдүн социалдык имараттардын тазалыгын, тынчтыгын жана коопсуздугун дайыма көзөмөлдөп келет.
Исфана шаарынын мэри | Анарботоев А.Д. |