ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 08-февралы №12/7
Исфана шаарында жашаган Афган согушунун ардагерлерине ичүүчү таза суу үчүн 50% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Исфана шаарында жашаган Афган согушунун ардагерлерине ичүүчү таза суу үчүн 50% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарында жашаган Афган согушунун ардагерлерине ичүүчү таза суу үчүн 50% өлчөмүндө жеңилдиктер белгиленсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|