Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы №12/9
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын аймагындагы калктуу конушка кирген айыл чарбасына жараксыз жерлерди 3 жылга көрктөндүрүү үчүн ижарага берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Муниципалдык менчик департаменти жонундо Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагында калктуу конушка кирген айыл чарбасына жараксыз жерлерди 3 (үч) жылга көрктөндүрүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет,экономика, өнөр жай жана инвстиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|