Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы №12/10
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” Жобонун 2-бөлүмүнүн 7-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер сунуш кылынсын. (Талапкерлердин тизмеси тиркелет)
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 8-февралындагы кезектеги ХII сессиясынын №12/10 токтомуна тиркеме
|
Лейлек райондук Аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүүгө Исфана шаарынын
жана шаарга караштуу айылдардын тургундары жана эмгек жамааттары
тарабынан сунушталган талапкерлердин сапаттык курамы
к/№ | Ф.А.А. | туулган жалы,күнү | Билими | Улуту | Жынысы | Иштеген жери | Шайлоо системасындагы эмгек тажрыйбасы | Ким тарабынан корсотулгон | Даректери |
1 | Рахманов Алмазбек Азиреткулович | 19.06.1977 | жогорку | кыргыз | эркек | «Бабушка Эдопшн» КФ | 2 | Исфана ш. МКР-1 жашоочулары | Исфана ш. Алтын-бешик кочосу |
2 | Бердияров Султанали Назаралиевич | 06.01.1966 | Ат.орто | кыргыз | эркек | Исфана жайыт комитети | 2 | Тайлан айылынын жашоочулары | Тайлан айылы, К. Тажибаев кочосу |
3 | Байбабаева Шахноза Мамадалиевна | 15.06.1983 | жогорку | өзбек | аял | Токтогул орто мектеби | 1 | Токтогул а.о.м. эмгек жамааты | Исфана шаары |
4 | Максутова Назакат Бекназаровна | 05.03.1964 | жогорку | кыргыз | аял | МРайондук маданият уйунун директору | 3 | Лейлек райондук ДК жамааты | Исфана шаары |
5 | Маматкулова Мафтуна Киёмиддиновна | 08.04.1989 | жогорку | өзбек | аял | “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы, эсепчи | 2 | Исфана ш. Пилал к. жашоочулары | Исфана шаары
|
6 | Мустапакулов Алишер Атамуратович | 20.04.1983 | жогорку | кыргыз | эркек | “Тайлан” орто мектеби | 3 | Тайлан айылынын жашоочулары | Тайлан айылы, М. Абдурасулов кочосу |
7 | Каримов Кудайберди Асанович | 17.07.1967 | жогорку | кыргыз | эркек | Убактылуу иштебейт | 2 | Голбо айылынын жашоочулары | Голбо айылы |
8 | Кудайбердиева Данагул Кумарбаевна | 29.04.1986 | жогорку | кыргыз | аял | “Жеткинчек” балдар бакчасы | 2 | Ак-Булак айылынын жашоочулары | Ак-Булак айылы |
Исфана шаардык Кенешинин жооптуу катчысы: | З. Н. Туяков |