Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №1
Исфана шаар мэриясынын жаштар жана спорт тармагындагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын жаштар жана спорт тармагындагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Белгиленген кемчиликтерди кыска мөөнөттө четтетүү жагы Исфана шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги XIII сессиясынын №1 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаар мэриясында жаштар жана өспүрүмдөр менен иштөө боюнча
ошондой эле спорт тармагында аткарылган жумуштар тууралуу
МААЛЫМАТ
2017-жыл ичинде
1. Мектеп окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча февраль айында мектептердин социалдык педагогдору жана организатор мугалимдери менен жыйын өткөрүлүп, мектептерде зордук-зомбулуктун, мектеп рэкетчилигинин, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер каралды, балдардын ишеним телефону “111” тууралуу маалымат берүү жагы мектеп администрацияларына тапшырылды.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №2/35 сандуу буйругун аткарууга жана жетекчиликке алып, өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү курмандыкка чалуусуна өбөлгө түзгөн жана түзүлгөн кырдаал жалпы коомчулукту тынчсыздандырган жалпы интернет мейкиндигиндеги “”Морекит”, “Тихий дом”, “f58”, “d28”, “Хочу в игру”, “Разбуди меня в 4-20”, “В контакте”, “50 дней до моего...”, “Ну пока”, “Рина”, “Море китов” жана башка ушул сыяктуу социалдык желелердеги оюндар тууралуу, ошондой эле Исфана шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн арасында өз өмүрүн кыюсунун алдын алууга багытталган жана ыйман, адеп түшүнүктөрүн берүү үчүн Исфана шаарындагы 15 мектепте түзүлгөн график боюнча жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жыйындарга шаардын хатибиятынын өкүлдөрү жана РИИБнун жашы жете электер менен иштөө инспекторлору катышты.
2. Жаштардын билим алуусуна заманбап технологияларды колдонуу менен шарт түзүү боюнча шаардын аймагындагы мектептерге интернет тармагын киргизүү иштери жүргүзүлүп 10 мектеп жана 2 бала бакчага интернет байланышы орнотулду. Мектептер: А.Навои, Исфана, Ысык-Көл, Токтогул, Ю.Гагарин, Амир Темур, Тайлан, Т.Жапаров, Гимназия-1, Гимназия-4. Балдар бакчалары: Кулунчак, Наристе.
Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасына, спартакиадаларына жана башка кароо-сынактарга катышкан окуучуларга Баткен областынын аймагында жана Бишкек шаарына барып келүүсү үчүн шаар мэриясынын эсебинен жол акысы төлөнүп берилди. 2017-жылдын ичинде 81881 сом акча каражаты окуучулардын жол чыгымдары үчүн бөлүнүп берилген. А.и.
- №1 Гимназия мектебинин окуучуларына – 27736 сом.
- №4 Гимназия мектебинин окуучуларына – 3467 сом.
- Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин окуучуларына – 37899 сом.
- Тайлан орто мектебинин окуучусуна – 3155 сом.
- Ак-Булак орто мектебинин окуучуларына – 6000 сом.
- А.Навои атындагы орто мектебинин окуучуларына – 3000 сом.
- Исфана орто мектебинин окуучусуна – 312 сом.
- К.Казыев атындагы орто мектебинин окуучусуа – 312 сом.
3. Маданият тармагында өткөрүлгөн иш-чаралар төмөнкүлөр:
- Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектептердин жогорку класстарынын уул балдар окуучулары арасында “Эр жигит” кароо-сынагы И.Раззаков атындагы 2021 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү. Ал жердеги курал-жарактар тууралуу көргөзмөлүү семинардан кийин концерттик бөлүгү жана спорттук мелдештери өткөрүлдү. Бул иш-чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4500 сом акча каражаты жумшалды.
- 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында «Жаз периси – 2017» кароо-сынагы алгая Чимген айылындагы маданият үйүндө шаардык туру өткөрүлүп, райондук турга шаардын атынан бир жеңүүчү катышты. Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары үчүн 5000 сом акча каражаты жумшалды.
- Жаңы жыл майрамына карата 31-декабрь күнү Раззаков аянтында карнавалдык оюн-зоок кече өткөрүлдү, бул иш-чарага бардыгы болуп 36730 сом акча каражаты сарпталды.
4. Спорт тармагында:
- жаштарды патриоттуулукка чакыруу, жаштар арасында достук жана ынтымак мамилелерин чыңдоо, ошону менен бирге спорттун жаштар арасында кеңири жайылуусуна шарт түзүү максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата элдик улак-тартыш оюну уюштурулуп өткөрүлдү. Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн 60,0 миң сом акча жумшалды.
- Мектеп окуучуларынын арасындагы “Милициянын жаш жардамчысы” конкурсуна 1500 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
- Кыргызстандын таэкван-до ассоциациясынын президенти Э.Хегай жана анын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектептердин окуучуларынын арасында спорттук мелдеш өткөрүлүп 2000 сом акча каражаты жумшалды.
-7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата медицина кызматкерлери, айылдык ден-соолук комитеттери жана социалдык педагогдор арасында уюштурулуп өткөрүлгөн акцияга жана спорттук иш-чараларга шаар мэриясы тарабынан 12000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
- Май айында 40 жаштан жогору болгон жашоочулардын арасында өткөрүлгөн спорттук мелдешти уюштуруп өткөрүүгө 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
- 9-май Улуу Жеңиш майрамына карата улуттук күрөш оюну өткөрүлдү. Күрөш оюну жылдагына карата өзгөчө уюштурулуп балбандар салмагына карап жарышышты. Анда салмагы 70 кг чейин болгон балбандарга өзүнчө, ал эми салмагы 70 кг ашык болгон балбандарга өзүнчө сыйлыктар берилип, (Бишкек шаарында өткөрүлгөн күрөш оюнуна берилген салымды эсепке алганда) жалпы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
2018-жылдын 1-кварталында:
1. Профилактикалык иш-чаралар багытында өкмөттүн программаларын ишке ашыруу боюнча
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасын бекитүү жөнүндөгү” №471 токтомун ишке ашыруу максатында шаар мэриясынын 2018-жылдын 12-февралындагы №28 буйругу менен Исфана шаарынын аймагында жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган шаар мэриясынын иш-чаралар планы бекитилди.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы “120-б буйругу менен кабыл алынган “2016-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомтсволор аралык иш-чаралар планы” аткарууга жана жетекчиликке алуу боюнча Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №314 «2016-жылдын 30-августунда Ведомстволор аралык буйрук менен бекитилген «2016-2017 –жылдарында Кыргыз Республикасынын жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы укук бузууларды, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-мерчемин» аткарууга алуу жөнүндөгү» буйругу кабыл алынып 2016-2017-жылдарга карата Исфана шаар мэриясынын иш-чаралары иштелип чыккан жана тийиштүү иш-чаралар аткарылган. Ошондой эле 2018-жылга карата Исфана шаар мэриясынын 2018-жылдын 30-мартындагы №92 буйругу жана иш-чаралары кабыл алынды.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы №535-б буйругу менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын” аткарууга жана жетекчиликке алуу боюнча Исфана шаар мэриясынын 2018-жылдын 30-мартындагы №93 буйругу жана иш-чаралары кабыл алынды.
2. Жол чыгымдарын төлөп берүү:
- Окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын катышуучусу Токтогул атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусуна 3000 сом, ал эми республикалык спартакиаданын катышуучулары Ак-Булак орто мектебинин 11-классынын 2 окуучусуна 6000 сом акча каражаты төлөнүп берилди.
- Облустук олимпиадага катышуучу А.Навои, ЮГагарин, К.Казыев, Токтогул атындагы жана №1 Гимназия окуучуларына, жалпы 13 окуучуга 7384 сом акча төлөнүп берилди.
3. Маданият тармагында:
- Нооруз майрамына карата “Жаз периси - 2018” кароо-сынагы өткөрүлүп 5000 сом акча каражаты жумшалды.
4. Спорт тармагында:
- 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата улак оюну өткөрүлүп бюджеттин эсебинен 70000 сом акча каражаты жумшалды.
-7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата медицина кызматкерлеринин арасында уюштурулуп өткөрүлгөн акцияга жана спорттук иш-чараларга шаар мэриясы тарабынан 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Исфана шаар мэриясынын билим берүү тармагы боюнча башкы адиси: | Хабибуллаев З. |