Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №5
Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде АРИС тарабынан каралган гранттык долбоорлор менен сметалык баасы 500 000 сомдук Беккари чункурун курууга кошумча 125 000 сом салымды Исфана шаар жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2018-жылга каралган жергиликтүү бюджетинен 2018-жыл ичинде АРИС тарабынан каралган гранттык долбоор менен Беккари чункурун куру учун кошумча 125 000 сом акча каражатын Исфана жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|