Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели №6
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын тургуну Бахром Туракуловго тийешелүү имаратты муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 254-1-беренесинин 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын тургуну Туракулов Бахромго тийешелүү имаратты Исфана шаарынын социалдык-экономикалык максатка пайдалануу жагын эске алып муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|