Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №11
Жайыт комитетинин төрагасы М. Бекеевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Эл Депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акылары боюнча 2018-жылы элдик чогулушта чечилген баалар боюнча айыл элинин мал акысы калтырылсын.
2. Сырттан келген мал үчүн алыскы, ортонку жана жайыттарга карабастан мал канча ай же канча күн жайылганына карабастан кой,эчкиге 40 сом, бодо малга 200 сом.Бул сумма жайытка чыккандан кийин бир ай ичинде төлөнсүн.
3. Малчыларды жайгаштырууда сырттан мал киргизилсин жана малчы жергиликтүү тургундардан гана болууга уруксат берилсин.
4. Малчыларды жайлоого көчүрүү жана жайлоодон жакага көчүрүү мөөнөтүн аныктап жана иш жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р. Биримкуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | Эсенкул уулу Памир |
|
|