Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-майы №6/3
Жоош айылдык кенешинин алдындагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Жоробаевдин билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кенешинин кезексиз VI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүнаймагындагы төмөндөгү айылдардан социалдык обьектилерди куруу үчүн ФПСтин жеринен Зарбалик айылына ФАП, айыл башчынын кабинетин жана мончо куруу үчүн 0,45 га, Бирдик айылына балдар бакчасын куруу үчүн 1,0 га, Питомник айылына мектеп жана спорткомплекс куруу үчүн 2,0 га, Ак-Жар айылына балдар бакчасын куруу үчүн 1,5 га, Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн 1,0 га жер, Калинин айылына спорткомплекс куруу үчүн 0,5 га жер аянттарын трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Калинин айылында жайгашкан эски соода магазинине тиешелүү болгон иш кагаздарын карап чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
| Утуров Ж. | 6 мандаттуу Большевик шайлоо округунан депутат, комиссиянын төрагасы |
| Жоробаев О | 3 мандаттуу Кызыл-Кошчу шайлоо округунан депутат, комиссиянын төрагасынын орун басары |
| Жумабаев Н | 3 мандаттуу Калинин шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү |
| Батыров Н | 5 мандаттуу Агартуу шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү |
| Кенешов Д. | Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орну басары, комиссиянын мүчөсү |
| Султанбаев А. | Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү |
| Сулайманов А | Калинин айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү |
3. Жогоруда аталган айылдарга социалдык обьектилерди куруу үчүн ажыратылып жаткан жер аянттарына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Султанбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Тѳрага | П. Жакыпов |