Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-майы №6/3-2
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Зарбалик айылынын депутаты Б. Жанибековдун билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кенешинин кезексиз VI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын депутаты Б. Жанибековдун билдирүүсүнүн негизинде ар бир айылда депутаттардан, айыл башчыдан жана мекеме-ишкананын жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, тамак-аш үчүн берилип жаткан продукталардын сапаты көзөмөлгө алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | П. Жакыпов |