Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-августу №7/3
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган бюджетинин 6 айлык планынын аткарылышынан калган акча каражатынан Токтогул орто мектебинин спортзалынын потологун ондоого 250.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Большевик айылындагы спорткомплекстин ичине ринг куруу үчүн акча каражатын табуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Маданият айылында сугат суу жана таза суу боюнча көчмө жыйын өткөрүү 2018-жылдын 15-сентябры күнү саат 14.00 гө белгиленсин.
4. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүмкүнчүлүгү бар айылдарга атуулдар жана окуучулар жүрүүчү тротуарларды куруу Жоош айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2001-2005-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде үй куруу үчүн жер ажыратылып берилип, ажыратылып берилген жерлерге түзүлгөн генпландары бекитилсин.
6. “УВАМ” СПАсы берген сунуш колдоого алынбасын.
7. Жоош айыл өкмөтү боюнча арендаторлор менен түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү көрсөтүлгөн иш кагаздарды даярдап берүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Султанбаевге милдеттендирилсин.
8. 3-Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна депутаттардан төмөндөгүлөр делегат болуп жөнөтүлсүн: Аттокуров М., Эгемназаров К., Жалилов Т., Жапаркулов Д., Батыров Н.
9. Жоош айылдык кенешинин 1-7-сессияларынын протоколдорунун жана токтомдорунун көчүрмөлөрү берилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Тѳрага | П. Жакыпов |