Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/4
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталында курулган Үч-Дөбө АКБ реконструкциялоодо негизги магистралындагы 264 пм суу түтүгүн капиталдык оңдоого 488 122 сом, «Таштак» кварталынын жаңы конуштарына 1269 пм суу түтүгүн тарттырууга 487 200 сом, Улукбек кварталындагы А.Навои көчөсүнө түнкү чырак орнотууга 486 499 сом, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-Шоро көчөлөрүнө түнкү чырак орнотууга 484 107 сом, жалпысынан 4 долбоорду ишке ашырууга БУУӨПнын каржылоосу менен берилип жаткан каражаттардын эсебинен МММБ департаментинин 2018-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына 1 945 928 сомго тактоо киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууда МММБ департаментинин 2018-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына тактоо киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын начальниги С. Сартбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|