Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/5
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы №643 катынын жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 18-июлундагы №6 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан 2750000 доллар, Европалык Инвестициялык Банкынан 2500000 евро акчаны кредит эсебинде, Борбордук Азиядагы Инвестициялык фондунан 5000000 евро жана Техникалык грант катары берилүүчү 1000000 евро гранттык акча каражатын алууда шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо жана канализация тармагын жаңыдан куруу долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акчанын максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү жагы Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго милдеттендирилсин.
3. Шаар калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен тыгыз байланышта иштеп, алар тарабынан каржылануучу долбоорду толук турмушка ашыруу жагы «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу К.Норозахуновко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|