Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/6
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине караштуу Манас көчөсүндө жайгашкан кургак учукка каршы поликлиникасы пайдаланып жаткан имарат жана 1633.0 м2 жер тилкеси Өзгөн райондук «үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна» ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берилсин.
2. Мыйзамга ылайык ал жердин тийиштүү документтерди тактоо, даярдоо жана ал жерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|