Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/7
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Манас көчөсүндө жайгашкан имарат КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнө ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берилсин.
2. Мыйзамга ылайык ал жердин тийиштүү документтерин тактоо, даярдоо жана ал жерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|