Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/8
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү пайдаланып жаткан имараттар Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Мыйзамга ылайык жогорудагы имараттарга тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Абдурахмановго жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|