Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/9
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныбек казынын айкелин орнотууга көмөк көрсөтүүгө 2018-жылда Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги “Долбоорлор менен иштөө” үчүн каралган акча каражатынын эсебинен 100,0 миң сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мыйзамга ылайык каржылоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|