Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/10
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 23-майындагы №4 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Доң-Булак” айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарында Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлердин мамлекеттик актылары Өзгөн шаардык мэриясында калтырылсын.
2. Жогорудагы жерлердин документтерин мыйзамга ылайык келищин тактоо Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|