Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-августу №12/11
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МТС аймагында жайгашкан мусулмандардын, православтардын кабырстандарынын кире бериш жерине “Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуу” иштерин 2018-жылы Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин кошумча титулдук тизмесине киргизип, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 16580 сом каржылоого макулдук берилсин.
2. Ал каражаттарды мыйзамга ылайык каржылоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|