Редакцияот 30.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-августу №13/1

Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №643/1, Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 3-апрелиндеги таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүү жөнүндөгү №04-60 каттары жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 18-июлундагы отурумунун №6 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калк пайдаланып жаткан ичүүчү суунун 1м3 баасы 15,30 сом, бюджеттик мекемемелерге 1м3 баасы 21,60 сом, коммерциялык ишканаларга 1м3 баасы 60,12 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Тариф саясатынын өзгөргөндүгү боюнча элге так маалыматтарды жеткирүү жана бекитилген тарифти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашкандан кийин колдонуу Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу К.Норозохуновго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳраганын милдетин аткаруучу

М. Халматов