Сравнение редакций…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-августу №13/2
Өзгөн шаардык кеңешинин кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-августундагы №768 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын “Жаңы-Өзгөн”, “Таштак” кварталдык комитеттеринин аймагында жана “Бахмал-2” участкасында муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы балдар бакчаларын ачууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчаларынын тийиштүү документтерин мыйзамга ылайык даярдоо, жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык каржылоо Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н.Абдурахмановго жана балдар бакчаларын ачуу боюнча мыйзам чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүү Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳраганын милдетин аткаруучу | М. Халматов |
|
|