Загрузка документа…
И. ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №25
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап түшкөн акча каражаттарын башкаруу бөлүмүнө бекитип кошуп берүү жөнүндө Осмонкулов айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн аткаруу органынын муниципалдык кызматкерлеринин штаттык санын жана эмгек акыларын 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап КР 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомуна ылайык бекитилген бюджетке кошулуп бекитилсин.
2. Осмонкулов айыл өкмөтү делегированных мамлекеттик полномочиялык штаттык бирдиктин (экономист-статист) негизинде «Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүнү 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомуна ылайык 2017-жылдын 1-сентябрынан баштап республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаттарына кошулуп бекитилсин.
3. Көбөйгөн айлыктын айырмасы республикалык бюджеттен суралып сметага киргизүү жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Суюнбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|