Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №33
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 15-сентябрь 2016-жылдагы №176 сандуу буйругунун негизинде, Осмонкулов айыл аймагынын 28-февраль 2017-жыл №8 сандуу буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Осмонкулов айыл аймагынын Талды-Булак, Ак- Коргон калктуу конуштарынын чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Осмонкулов айыл аймагынын Талды-Булак, Ак- Коргон калктуу конуштарынын чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|