Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы №1
Осмонкулов айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүмн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Айткулованын 2017-жылдын бюджетин бекитүү жана 2018-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча сунуштамасын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышын канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 8171,2 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 8171,2 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленсин.
5. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
6. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
7. 2018-жылга карата Осмонкулов айыл өкмөтүнүн чыгашаларынын трансферттерден тышкары №5 тиркемеге ылайык өздүк чыгымдан резервдик фонд түзүлсүн.
8. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору №6 тиркемеге ылайык белгиленсин.
9. Осмонкулов айылдык аймагындагы бала бакчага №7 тиркемеге ылайык 2018-жылга ата-энелерден түшүүчү каражатын киреше булагы 470,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 470,0 миң сомго бекитилсин.
10. Осмонкулов айыл кенешинин токтому туура жана так аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү кеңештин «Экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
11. Кыргыз Республикалык каржы Министрлиги тарабынан 2018-2019-2020-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн долбоору бекитилсин.
12. 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү божомолу бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн чыңдоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
14. Транспорт ээлеринен алынуучу салык, менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар салык төлөөчү болуп эсептелинет. Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР салык кодексинин 198-статьясынын негизинде жүргүзүлсүн.
15. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин.
16. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
17. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Осмонкулов айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|