Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №2
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезексиз сессиясынын №2 протоколунун негизинде Осмонкулов айыл өкмөтүнүн жарандарга коммуналдык кызмат көрсөтүү, көчөлөрдү санитардык жактан тазалоо максатында сунуштарын карап жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айылдык аймагындагы Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарынын көчөлөрүн санитардык жактан тазалоо, таштанды төгүлгөн жайды иретке келтирүү жана көчөлөргө тигилген көчөттөрдү сугаруу иштерин Осмонкулов айыл өкмөтүнүн алдындагы «Бакай-Таш сервис» муниципалдык ишканасы алып барсын.
2. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө таштандыларды тазалоого деп каралган 70000 (жетимиш миң) сом акча каражаты «Бакай-Таш сервис» муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|