Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №3
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезексиз сессиясынын №2 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 06.02.2017 №10-1/634 сандуу каты жана Кыргыз Республикасынын Талас райондук Социалдык фонддун 31.01.2018 №10-5/586 сандуу катын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурда берилген 4185 жарандын жер үлүшү бар деп бекитилген тизмеде дагы 380 жарандын маалыматтарынан катачылыктар кеткендигине байланыштуу төмөндөгүдөй такталган тизме Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилсин.
2. Такталган негизги 4194 жарандын тизмеси берилсин (Негизги тизме тиркелет).
3. «Жер үлүшүн алган жарандардын маалыматы такталбай калган 380 жарандын арасынан такталган 291 жарандын тизмеси» тиркелет. (1-тиркеме ).
4. «Жер үлүшүн алып бирок негизги тизмеге кирбей калган жарандардын тизмеси» тиркелет. (2-тиркеме ).
5. «Мурунку негизги тизмеге жаңылыш кирген жана жер үлүшүн саткандыгына байланыштуу негизги тизмеден чыгарылган жарандардын тизмеси» тиркелет. (3-тиркеме).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|