ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Осмонкулов айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы
2018-жылдын 13-февралы №4
Осмонкулов айылдык аймагы боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын кароо жөнүндө
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезексиз сессиясынын №2 протоколунун негизинде мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгы тарабынан жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесинин 1 жана 6 бөлүктөрүндөгү айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын көбөйтүү үчүн сунуштаган катын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айыл өкмөтү боюнча Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесинин 1 бөлүгүндө каралган Талас районуна тийиштүү болгон айыл чарба жерлерин пайдаланган үчүн жер салыгынын базалык ставкалары 2018-жылга Осмонкулов айыл өкмөтүндө өзгөртүүсүз калсын.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|