Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №6
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезексиз сессиясынын №2 протоколунун негизинде Осмонкулов айылдык аймагынын инфраструктурасын тартипке келтирүү боюнча жарандардын сунуштарын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын ички көчөлөрүндөгү терс көрүнүштөрдү пайды кылган башкача айтканда көчөнүн кызыл чийининен сырткары орун алган одоно курулган же төгүлгөн обьектилерди иретке келтирүү боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана тиешелүү чара көрүлсүн.
2. Азык-түлүк жана башка керектелүүчү буюмдарды сатуу менен иштеген ишкерлер айлана тегерегин ирээттүү кармап жана дүкөндүн жанына таштанды салуучу урналарды орнотушсун.
3. Токтомдун аткарылышын Осмонкулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|