Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №7
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 1-кезексиз сессиясынын №2 протоколунун негизинде Осмонкулов айылдык аймагынын Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жерлерди ижарага берүү айылдык аймактагы жарандардын жалпы жыйынынын чечиминин жана жергиликтүү кеңештин жер маселеси боюнча комиссиянын чечиминен негизинде түз берүү жолу менен берилсин.
2. Район аралык жер комиссиясынын 2016-жылдын 1-апрелиндеги №1-актысына ылайык №982-контурдагы үлүш жерлери токой чарбасына тиешелүү болуп кеткен дыйкан чарба башчылары: Адамалиев Нурланга 2,0 га, Сыдыков Алтынбекке 3,0 га, Токтоналиев Исламга 1,5 га, Бейшеналиев Муктарбекке 1,2 га жер үлүштөрү мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен чектелип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча комитетине милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|