Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы №9
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2-кезексиз сессиясынын №3 протоколунун негизинде Осмонкулов айылдык аймагындагы жайыт жерлерди туура пайдалануу, мал багууда жайыт тартыштыгын болтурбоо, башка аймактан малдарды алып келип чабандардын отуруусунун натыйжасында, ар кандай малдын орууларын алып келүүсүнө бөгөт коюу максатында, ошол эле учурда өзөндөрдөгү жайыттардагы малдын саны көп болгондугуна байланыштуу, жайыт тартыштыгы жаралып жаткандыгы боюнча айыл элинин кайрылуусун талкуулап, карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылы Осмонкулов айылдык аймагына тиешелүү жайыттарга башка аймактан чабандар келип отурукташуусуна тыюу салынсын.
2. Жаргарт өзөнүнөн ичи аркылуу мал көчүн айдап өтүүгө тыюу салынсын.
3. Уруксатсыз, башка аймактан келип малын жайып, отурукташкандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлсүн
4. Токтомдун аткарылышын Осмонкулов айылдык аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б.Балыбаевге милдеттендирилсин
5. Көзөмөл жүргүзүү жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кудайбергеновго милдеттендирилсин
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|