Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну №11
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 3-кезексиз сессиясынын 4-протоколунун негизинде «Чат-Базар-Арал-Талды-Булак» жолунун 49-50 чакырымын курууда кум шагыл алуу үчүн №36 Жол Тейлөө мекемесинин 11.06.2018 №73-кайрылуусун талкуулап, карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айылдык аймагынын 119-контурундагы мал айдап өтүүчү (прогон) жердин оордуна Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууда «Кайоглы-Ерташ» түрк фирмасынын убактылуу асфальт заводунан курган, азыркы учурда орундагы кум-таш, ж.б ар кандай таштандыларды тазалоо, прогонду калыбына келтирүү үчүн уруксат берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У. Кудайбергеновго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын, көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|