Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы №5
Долоно айыл аймагынын Таш-Арык айылынын маданият үйүнүн алдына темир тосмо орнотуу боюнча 2017-жылда Долоно айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн эркин каражаттын эсебинен акча бөлүштүрүү боюнча карап талкуулап чыгып, Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагынын Таш-Арык айылынын маданият үйүнүн алдына темир тосмо орнотууга эркин каражаттын эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Арык айылынын маданият үйүнүн башчысы А.Иманалиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Ө. Боркеев |
|
|