Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы №11
Долоно айыл аймагынын Орто-Арык айылынын тургундарынын 2018-жылдын 31-майындагы №1 протоколунун негизинде Орто-Арык айылынын мүрзөсүнүн тегерегин курчоо боюнча карап талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагынын Орто-Арык айылынын тургундарынын 2018-жылдын 31-майындагы №1 протоколунун негизинде мындан бир нече жыл мурун Орто-Арык айылынын тургундары өз каражатына тиккен теректерди Орто-Арык айылынын мүрзөсүн курчоо үчүн теректерди кесүүгө макулдук берилсин жана айыл тургундарынан комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгөн комиссияга канча даана терек кесиле тургандыгын жана канча суммага сатыла тургандыгын тактоо жагы милдеттендирилсин.
3. Комиссия тарабынан такталган маалымат Долоно айылдык кеңешине берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орто-Арык айылынын тургуну К. Баястановко жүктөлсүн.
Тѳрага | Ө. Боркеев |
|
|