Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-июлу №13
Ак-Жар айылындагы Талас дарыясынын жээгинде жайгашкан калктуу конушка өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу жаралып жаткандыгына байланыштуу дамба куруу боюнча карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын Түштүк тарабындагы Талас дарыясынын оң жээгине өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо максатында дамба куруу үчүн 400 метр аралыктагы жер тилкеси белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Асанбек уулу Русланга жүктөлсүн.
Тѳрага | Ө. Боркеев |
|
|