Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу №14
Долоно айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын төрагасы Боркеев Өмүрбек Сырдыбаевич Долоно айылдык аймагынын башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде төрагалыгын тапшыргандан кийин ачык добуш берүүнүн негизинде Долоно айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы №6 протоколун жетекчиликке алып, карап талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айылдык аймагынын VII чакырылышынын төрагасы Боркеев Өмүрбек Сырдыбаевич Долоно айылдык аймагынын башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу төрагалык милдетинен бошотулсун.
2. Долоно айылдык кеңешинин VII чакырылышынын төрагасы болуп Кошоев Бекболот Изабекович бекитилсин.
3. Долоно айылдык аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп Өзүбеков Канай Жумагулович калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Э.Джускембаевага жүктөлсүн.
Тѳрага | О. Боркеев |
|
|