ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Долоно айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы
2017-жылдын 28-декабры №35
Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну Жолдошова Калыйманды «Баатыр Эне» орденине сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» №234 жарлыгына жана «Баатыр Эне» ордени статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы №80 мыйзамына таянып Долоно айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну, 7 баланы тарбиялап өстүргөн Жолдошова Калыйман «Баатыр Эне» орденине сунушталсын.
2.Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Тѳрага | Ө. Боркеев |
|
|