Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу №82
Кыргыз Республикасынын “Шайлоо комиссияларын түзүлүшүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүлүшүнүн жана жүргүзүлүшүнүн тартиби жөнүндөгү” Жоболорун жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына кайрылуусунун негизинде Бекмолдо айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 6093 Хан-Бүргө, № 6094 Топчу Баш, № 6095 Сасык-Булак жана № 6096 Кара-Ой участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине төмөндөгү талапкерлер көрсөтүлсүн. (№ 6093 Хан-Бүргө, № 6094 Топчу Баш, № 6095 Сасык-Булак жана № 6096 Кара-Ой участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси № 1, №2, № 3 жана № 4 тиркемелерде тиркелет).
2. № 6093 Хан-Бүргө, № 6094 Топчу Баш, № 6095 Сасык-Булак жана № 6096 Кара-Ой участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын аныктап берүү үчүн Талас аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун көчүрмөсү талапкерлердин тизмеси жана талапкерлердин тийиштүү документтери Кыргыз Республикасынын Аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |
|
|