Редакцияот 22.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-июну № 60/XXII – 3

Коомдук пайдалануу жайларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 18 беренесинин 9,10 пункттарына ылайык, коомдук пайдалануу жайларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында, коомчулуктун эс алуусуна эффективдүү шарттарды түзүү жана коомдук жайлардын көркүн жакшыртуу үчүн, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

 

1. “Победа” паркындагы дарбаза боюндагы 97 бакты кыюуга уруксат берилсин.

2. Кыйылган бактардын ордуна ийне жалбырактуу бактардын түрү отургузулсун жана газон жасалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов