Загрузка документа…
Кайынды шаардык кеңешинин 2018-жылдын 3-августундагы № 67/XXIII-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну № 61/XXII – 4
Кайынды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын 2018 – жылынын 8- июнундагы протоколун жана Ю.А. Жугаревдин 2018 – жылынын 28 – майындагы кайрылуусун карап чыгып, шаардын эл жашаган секторунда тынчтыктын сакталышы үчүн, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.Береговая № 9 көчөсүндөгү жеке курулушка негизделген жер тилкесинин максаттык багытын чарбачылык эмес жер тилкеге, бетон чыгаруучу цехке өзгөртүүгө тыюу салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |